Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:49

Тажикстанда Facebook "ушакчы" деп жабылды


Фейсбуктун Тажикстандагы колдонуучулары сайттын ээси Марк Цукербергдин "Бул сайттын ээси - мен" деген кагазды кармагандай фотошопто оңдолгон сүрөттү илип коюшту
Фейсбуктун Тажикстандагы колдонуучулары сайттын ээси Марк Цукербергдин "Бул сайттын ээси - мен" деген кагазды кармагандай фотошопто оңдолгон сүрөттү илип коюшту

Шейшембиде Тажикстанда бийликтер Facebook сайтына кирүүгө тосмо киргизишти. Алар: “Сайтта президентти каралаган маалымат көп”, - деп эл нааразы болуп жатканын айтышууда.

Тажикстандын Байланыш кызматынын төрагасы Бег Зухуров өлкөнү интернет менен камсыз кылган бүт ишканаларга Facebook сайтына тосмо коюну буйруганын билдирди. Алгач анын буйругу “техникалык-профилактикалык иштер менен байланышканы” айтылган.

Бирок Зухуров өзү кийинчерээк “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, бул сайттагы талкуу, өзгөчө мамлекеттин президенти Эмомали Рахмон жөнүндө кызуу талаш-тартыш ага жакпаганын билдирди.

"Бул сайт Тажикстанда абалды бейстабилдештирет. Ал жерде кайдагы бир болбогон нерселерди жазып жатышат, - деди Зухуров. - Анын кожоюну жок. Бар болсо, келсин да: «байке, ушундай болуп жатат», - деп мага түшүндүрсүн. Facebook салык төлөп жатабы мамлекетке? Миллиарддаган акча иштеп жатпайбы. Ошонусунан бир аз биз менен бөлүшсүн, бизге жардам кылсын, анан Тажикстанда иштей алат".

Бег Зухуров
Бег Зухуров
Мына ушул эле оюн Зухуров Орусиядагы РИА-Новости маалымат агенттиги менен маегинде да улап, көптөгөн тажикстандыктар ага: «ушул сайтты жаап эле салгылачы, ушак таратып жатат», - деп даттанышканын айтты.

Борбор Азияда 7,5 млн.калкы бар бул өлкөдө Facebook социалдык түйүнүнө болгону 41 миңдей эле адам кирет. «Бирок андагы талкуулар келерки жылы боло турган президенттик шайлоодо азыркы мамлекет башчы Эмомали Рахмонго нааразылык толкунун күчөткөнгө шарт түзүшү мүмкүн», - деп кооптонушат деген ойлор айтылууда.

Жергиликтүү көз карандысыз журналист жана Фейсбуктун активдүү колдонуучусу Зафар Абдуллаев өлкөнүн Байланыш кызматынын жетекчисинин сөзүнө ишенбей турганын айтты.

"Facebook кимдир бирөөнүн кыжырына тийген деп ойлобойм. Менимче, мунун баарын өкмөттөгү бир эле адам ойлоп чыкты жана ал ошондой эркин талкууга көнө албай жатат, - дейт журналист. - Интернеттин активдүү колдонуучулары Фейсбукка баары бир башка жолдор менен, прокси-сайттар аркылуу кирип жатышат. Бирок, албетте, бул көпчүлүк үчүн ыңгайсыз".

Тажикстан аталган социалдык түйүндү алгачкы жолу жаап жаткан жок. Быйыл мартта да, ошол сайтта президент Рахмонду сындаган макала жарыяланганда, ага бийликтер тосмо коюшкан. Facebook эле эмес, YouTube жана башка бир топ маалымат сайттарына кирүүгө мүмкүн болбой калган эле.

Өлкөнү 1992-жылдан бери башкарып келаткан Рахмон быйыл 60 жашка толду жана келерки жылы президенттик шайлоодо кайрадан мамлекетти башкаруу үчүн ат салышат деп күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG