Журналисттин жакындары болсо Мирсаидовго ачылган кылмыш иште "квнчилер улуттун ар-намысын тепселеген" деген жүйө келтирилгенин айтышат.
"Хьюман Райтс Уотч" эл аралык уюмунун Борбор Азия боюнча иликтөөчүсү Стив Свердлов тажик бийликтерин камактагы журналисттин укуктарын сактоого үндөдү.
“Хайрулло Мирсаидов – таанымал жана эл урматтаган журналист. Ал бийликти сындаганы үчүн куугунтук курмандыгына айланды” – деди эл аралык уюмдун өкүлү. “Камактагы Мирсаидовдун укуктары сакталып, ага мыйзамдан аша чапкан ыкмалар колдонулбасын” – дейт эл аралык уюдун өкүлү.
5-декабрда журналистти Согди облусунун прокуратурасына чакырышкан. Ошол эле күнү ал камакка алынган. Прокуратура ага каршы Кылмыш-жаза кодексинин төрт беренеси: “Каражатты менчиктеп алуу же ашыкча пайдалануу”, “Улуттук, расалык өч алуу же диний араздашуу”, “Жалган документтерди жасоо, мамлекеттик сыйлыктарды, мөөр-штамптарды даярдоо” жана “жалган маалымат таратуу” боюнча кылмыш иш козгогон.
Тажиктердин КВН командасынын капитаны мындай беренелер менен 21 жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн. Ушул тапта журналист Кожент шаарынын СИЗОсунда отурат.
Мирсаидовдун атасы Хабибулло Мирсаидов “Азаттыктын” тажик кызматына курган маегинде кылмыш иштин материалдарында КВН командасы “улуттун ар-намысына шек келтирген” деп жазылып жүргөнүн "Азаттыктын" тажик кызматына телефон аркылуу айтып берген.
"Мен иштин бир катар материалдары менен тааныштым. Бир жеринде «квнчилер улуттун ар-намысын тепселеген» деп жүрөт. Бирок иштин чоо-жайын толук билбейм. Аны менен адвокат алектенип, прокуратура менен байланышта болот" – деди камактагы журналисттин атасы.
Журналист өзүнө тагылган айыптарды мойнуна алган эмес, анын адвокаты Аскар Турсунов атайын кагазга кол койгонун айтып, комментарий берүүдөн баш тартты.
Хельсинки комитетинин Борбор Азиядагы өкүлү Мариус Фоссум бийликтер журналистти камакка алууга жетиштүү далилдерди көргөзбөгөнүн белгилейт. Эл аралык уюмдун өкүлүнүн белгилешинче өлкө бийлиги Мирсаидов сыяктуу таанымал журналистке сый-урмат менен мамиле жасоонун ордуна коррупцияга айыптап, анын оозун жабуунун айласын көрүүдө.
Хайрулло Мирсаидовдун 17 жылдан ашуун журналисттик тажрыйбасы бар. «Deutsche Welle», Asia-Plus жана башка маалымат каражаттарында адам укуктары, экология жана улуттук азчылыктардын талылуу маселелерин чагылдырып, саясий баяндамачы болуп эмгектенген.
"Хьюман Райтс Уотч" Мирсаидовдун камалышын 2017-жылдагы Тажикстандагы адам укуктарынын одоно бузулушунун кезектеги фактысы деп атады. Эл аралык уюмдун маалыматында ушул тапта 150дөн ашуун саясий активист, алардын арасында адвокаттар “акыйкатсыз чечимдин айынан абакта отурушат”. Өткөн жылы кеминде 20 журналист бийликтин куугунтугунан коркуп, кесибин таштап, өлкөдөн чыгып кеткен.
Мирсаидов эркиндикте жүргөндө “Азаттык” радиосуна берген маегинде жергиликтүү бийликтер аны КВН командасына мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн акчаны өзү билгендей колдонгон деп айыптап жатышканын айткан.
“8-ноябрда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго, баш прокурор Юсуф Рахмонго жана Согди облусунун башчысы Абдурахмон Кодириге кайрылып, жергиликтүү аткаминерлердин айынан КВН командасы кабылган проблемаларды билдиргем” – деген Мирсаидов.
Тажикстандын КВН командасы 10-ноябрда Москвага бармак. Бирок Согди облусунун Жаштар иштери боюнча комитети жана прокуратурасы команданы текшерип, акча бөлбөй койгондуктан бара албай калдык” – деп айткан команданын капитаны “Азаттыкка” курган маегинде.
Мирсаидов ошондон эле буга чейин Жаштар комитетинин кызматкерлери 1000 доллар пара сурашканын дагы ачыкка чыгарган. Облустук бийлик өкүлдөрү мындай маалыматты төгүндөгөн.
Тажикстандын КВН командасы 2014-жылы Согди облусунун жетекчиси Кодиринин демилгеси менен уюшулган. Ошол эле жылы коңшу өлкөнүн квнчилери Бишкекте өткөн КВНдин "Ала-Тоо" лигасында финалга чыккан. Бир жылдан кийин Сочидеги фестивалда 400 команданын арасынан 70-орунду ээлеген. Үстүбүздөгү жылы тажик командасы Москвада өткөн борбордук лиганын финалына чыкса, 2016-жылы Бишкекте чемпион наамын жеңген.