Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:23

Тажик бийликтери футболчудан өч алды


Тажикстандык белгилүү футболчу жергиликтүү атаандаш командасынын дарбазасына эки гол киргизген. Андан кийин эле Коргон-Төбө шаарынын бийликтери футболчунун үйүндө сууну жана светти өчүрүп койгон.

Чамасында, Тажикстандын түштүгүндөгү Коргон-Төбөнүн бийик өкүлдөрү футболдун жана шаардык футбол команданын чоң күйөрмандары. Лекин, өлкөдөгү белгилүү футболчу Ахтам Хамракулов коргонтөбөлүк команданын дарбазасына эки гол киргизгенден кийин, жергиликтүү бийлик анын үйүндө светти жана сууну өчүрүп койгон.

Теги коргонтөбөлүк Хамракулов көбүрөөк маянанын айынан эки жыл мурда жергиликтүү “Вахш” командасынан коңшу шаардын “Регар-ТадАЗ” командасына өтүп кеткен.

"Регар-ТадАЗ" менен "Истиклал" таймашында Ахтам Хамракуловду айыпка жыккан кызыл карточка берилген
"Регар-ТадАЗ" менен "Истиклал" таймашында Ахтам Хамракуловду айыпка жыккан кызыл карточка берилген
“Тажикстандын кубогу үчүн жарым финалда мен “Вахшка” эки гол киргизгем. Таймаштан кийин “Регар-ТадАЗдагы” эки командалашым менен үйгө жеңишибизди майрамдаганы келгенбиз”, – деп айтты Хамракулов “Азаттыктын” тажик кызматына.

Бирок Хамракулов ата-энеси менен бирге жашаган Коргон-Төбөдөгү үйүндө күтүлбөгөн коноктор күтүп турган. Шаардык бийликтин, электр, суу жана канализация ишканаларынын өкүлдөрүбүз деп өздөрүн тааныштырган адамдар футболчуну күтүп турган.

Алар футболчуга эки ай бою сууга жана токко акы төлөнбөгөн деп, 600 долларлык квитанцияны Хамракуловдун колуна карматкан. “Регар-ТадАЗ” командасынын оюнчусу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аны өзү туулуп-өскөн шаардын командасына гол киргизгени үчүн жекелеген деп эсептейт футболчу.

“Мен бүт коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөрдү 100 пайыз жана убагында төлөйм. Ал квитанцияларды ыргытпайм. Ошол дүмүрчөктөрдү аларга берип, аларды үйдөн чыгып кеткиле дедим”, – деп айтты Хамракулов.

Рустам Эмомали, Тажикстандын футбол федерациясынын президенти, 05.01.2012
Рустам Эмомали, Тажикстандын футбол федерациясынын президенти, 05.01.2012
Коммуналдык кызмат ишканаларынын өкүлдөрү кайтардан мурда, Хамракуловдун үйүндө сууну жана светти өчүрүп, эсептегичтерге мөөр басып кетишкен.

Коргон-Төбө шаарынын суу жана канализация ишканасынын директору Мирзо Ашуров окуя болгонун тастыктап, бирок ал өч алуу иретинде болбогонун айтты.

“Мен Хамракулов ким жана кайсы командага ойногонун да билбейм”, – деп айтты Ашуров. “Биздин андай кара ниет ойлорубуз жок, анчалык төмөн деңгээлге түшпөйбүз. Коммуналдык кызматтарга акы төлөбөгөндөргө гана эскертүү кылабыз”.

Тажикстандын футбол кубогун 2013-жылы "Истиклал" жеңип алды, 05.10.2013
Тажикстандын футбол кубогун 2013-жылы "Истиклал" жеңип алды, 05.10.2013
Тажик президенти Эмомали Рахмондун уулу учурда өлкөнүн футбол федерациясын жетектеген Рустам Эмомали кийлигишкенден кийин гана суу жана свет кайра берилген.

“Азыр бардык маселе оңуна чечилди. Мен футбол федерациясына арыз менен кайрылганмын. Биз төрт-беш күн караңгыда отуруп калдык. Мен Рустам Эмомалиге шаардык бийликтери жөнүндө арыздангам”, – деди футболчу Ахтам Хамракулов.

Спорт байкоочулары болсо Хамракуловго өлкөнүн футбол федерациясынан жардам президент Рахмондун уулу Рустамдын “Истиклал” командасы “Регар-ТадАЗды” Тажикстан кубогу үчүн финалда жеңгенден кийин көрсөтүлгөнүн айтып чыгышты.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG