Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:35

Дүрбөлөң салган тажик генералы таптырбай жатат


Тажикстандын коопсуздук күчтөрү Дүйшөмбү менен Вахдатта чабуул уюштурган деп айыпталып жаткан генерал Назарзода менен анын шериктерин издөөнү улантууда. Тажик президенти Эмомали Рахмон аларды кармоо операциясы жакынкы күндөрү аяктарын билдирди.

Тажикстандын коргоо министринин мурдагы орун басары, Ходжа Халим деген ат менен таанымал генерал Абдухалим Назарзода жан-жөкөрлөрү менен башкалаа Дүйшөмбүдөн 150 чакырымдай аралыктагы Рамит капчыгайында жашырынып жүргөнү кабарланууда. Ал башында турган кылмыштуу топ 4-сентябрдын таңында Дүйшөмбү менен Вахдаттагы чабуулдан кийин издөөгө алынган.

Тажик Ички иштер министрлиги жекшембиде Рамит капчыгайындагы атайын операцияда бул топтун дагы төрт мүчөсү тындым болгонун кабарлады. Мындан сырткары топтун жети мүчөсү кармалып, алардан ири көлөмдөгү курал-жарак менен ок дарылар алынган. Анын ичинде АКМ үлгүсүндөгү 18 автомат 50 ок салгычы менен жана түрдүү патрондор бар.

Муну менен 4-сентябрдан берки кагылыштарда өлгөндөрдүн саны кечээги маалыматтар боюнча, 26 адамга жетти. Алардын тогузу милиция кызматкери, калган 17си кылмыштуу топтун мүчөлөрү.

Тажик президенти Эмомали Рахмон жекшембиде эки күн мурда милиция бөлүмүнө кол салуу болгон баш калаадан анча алыс эмес Вахдат шаарына келип, кылмышкерлерди кармоодо көрсөткөн көмөгү үчүн вахдаттыктарга алкыш айтты жана калган кылмышкерлер жакын арада кармаларын белгиледи:

- 4-сентябрь күнү эртең менен Дүйшөмбүдө жана Вахдатта болгон кайгылуу жана жийиркеничтүү окуялар элдин тынчтыгын бузган окуя болду. Бул ниети жаман жана кылмышкер адамдардын кылганы. Алар муну менен элдин бейпилчилигин бузуп жатат.

Президент Эмомали Рахмон андан ары бул куралдуу кол салууну айыптап, аны “Ислам мамлекети” террордук тобу менен санаалаш согушкерлер жасаган деп айтты. Ошондой эле Сирия менен Ирактагы “Ислам мамлекети” террордук тобунун катарында Вахдаттын 46 тургуну бар экенин жана азырга чейин алардын 15 өлтүрүлгөнүн да эске салды. Тажик президенти ага улай эле 4-сентябрда Вахдаттагы милиция бөлүмүнө кол салгандар сөзсүз мыйзам алдында жооп берет деп элди ишендирди.

Жекшембиде тажик Ички иштер министрлиги 4-сентябрдагы чабуулдарга аралашканы шектелген Коргоо министрлигинин эки офицери кармалганын да билдирди. Мунун алдында министрлик Назарзоданын 32 шериги кармалып, алардан беш жүздөн ашуун ар кандай курал-жарак алынганы кабарлаган.

Жогоруда сөз болгон чабуулдардын башында турганы айтылып жаткан Абдухалим Назарзода мурдагы бириккен тажик оппозициясынын мүчөсү жана өткөн кылымдын 90-жылдарынын башындагы жарандык согушта талаа командирлеринин бири болгон. 1997-жылы президент Рахмондун өкмөтү менен түзүлгөн тынчтык келишиминин негизинде бийлик бөлүштүрүүдө бириккен оппозициянын курамында ал да өкмөткө келген. Кийинчерээк генералдыкка чейин жеткен Назарзода 2014-жылдын январында президенттин буйругу менен коргоо министринин орун басарлыгына дайындалган.

Тажик милициясы азыр өлкөдө абал туруктуу экенин жарыялады. Бирок 6-сентябрда баш калаа Дүйшөмбүдөгү ири базарлар жабылды. Алар өлкөнүн эгемендик майрамынан кийин, 10-сентябрда ачылары кабарланууда. Тажикстан көз карандысыздык күнүн 9-сентябрда белгилейт.

Тажикстандагы окуяларга байланыштуу Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы да бул өлкө менен чектеш Баткен облусундагы чек ара бөлүмдөрүн күчөтүлгөн тартипке өткөрдү. Маалыматка караганда, кыргыз чек арачылары кошуна өлкөдөгү окуяга тыкыр байкоо салып турат.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG