Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:41

Футболчу сакалынын азабын тартты


“Хайр” футбол командасынын оюнчусу Парвиз Турсунов, 18-июль, 2018-жыл.
“Хайр” футбол командасынын оюнчусу Парвиз Турсунов, 18-июль, 2018-жыл.

Тажик бийлиги “Хайр” футбол командасынын мурдагы оюнчусу Парвиз Турсуновдун экстрадициясын күтүп жатат. Экстремизмге айыпталып, издөө жарыяланган, бир кезде тажик футболунун жылдызы саналган спортчу Беларуста кармалган. 2011-жылы Турсунов сакал коюп алганы үчүн улуттук командадан чыгарылган.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги Парвиз Турсуновду өткөрүп алуу үчүн Минскке тиешелүү документтерди жөнөтүү алдында турат.

2011-жылы Турсунов сакал коюп алганы үчүн улуттук командадан чыгарылган. Андан кийин үй-бүлөсү менен Бириккен Араб Эмирлигинде, Түркияда жашап жүргөн. Эми Европадан баш калка табууну көздөп баратканда Беларустун аймагында кармалды.

Тажик бийлиги быйыл февралда Турсуновго каршы “экстремисттик маанайдагы ишмердик жүргүзүүгө ачык чакырык жасоо” деген берене менен иш козгогон.

Экс-футболчу 23-сентябрда кармалганын анын жубайы Сайёра Субхонова Киевден телефон менен билдирди. Анын айтканына караганда, адегенде Дубайда жашап жүрүшкөн, бирок каттоо мөөнөтүн узарта албаган соң Түркияга жөнөшкөн. Ал жерде үч ай туруп, расмий каттоодон өтө албай коюшкандан кийин Украинага барышкан. Ал жактан Европага өтүп кетүү үчүн Беларустун аймагына киришкен.

- Биз Минск шаарынан Брестке чейин поезд менен жетип, Беларус менен Польшанын чек арасына барып, поляктардан баш паанек сурайлы деген оюбуз бар эле. Менин күйөөм эч кандай мыйзам бузбаса деле издөөдө жүргөнүн билчүбүз.

Беларустун чек арасынан өтүп баратышканда чек арачылар Турсуновдун документин текшерүүгө келгенде аны бир жакка ээрчитип кетишкен. Ошол бойдон ал күйөөсүн көргөн эмес. Төрт баласы менен чек арада калган аялды үч күн аэропортто кармап, анан Украинага жөнөтүшкөн.

Маалыматка караганда, Турсунов Тажикстанда тыюу салынган “Салафи” кыймылына тиешеси бар деген шек менен издөөдө жүргөн. Күйөөсү кармалгандан кийин Беларустун укук коргоо органдары эч кандай маалымат бербей, аны менен сүйлөштүрбөй коюшкан.

Мен андан кийин күйөөмдү көргөн жокмун. Анын жеке буюмдарын, телефонун беришти. Мен "күйөөмдүн тагдыры эмне болоорун ким билет?" десем, "өзүңөрдүн консулдуктан сурагыла" дешти. Так маалымат беришкен жок”, – деди кабагын чытып, санаага баткан аял.

43 жаштагы Парвиз Турсунов Тажикстандын жогорку лигасындагы «Хайр» (Вахдат) командасынын мыкты футболчуларынын бири болгон. Бирок анын коюу сакалынан улам 2011-жылы жаңы футбол сезону башталганда ойноого уруксат берилген эмес.

Парвиз Турсунов оюн талаасында, 2011-жыл
Парвиз Турсунов оюн талаасында, 2011-жыл

Ичи ачышкан футболист "сакалымды албайм" деп каяша айткан. “Футбол – бул жалган, биз түбөлүктүү нерселер тууралуу ойлонуубуз абзел. Сакал коюу – Мухаммад пайгамбардын маанилүү сүннөттөрүнүн бири” – деген Парвиз Турсунов айтканынан кайткан эмес.

Сайёра Субхонова дагы сакалынын айынан күйөөсүнүн футболдогу карьерасы бузулганын моюнга алат.

“Баары жөн жерден эле башталды. Адегенде сакалынын айынан ойнотпой коюшту, анан “сакалыңды ал же футболду ташта” деген талап коюшту. Ал спортту таштап, биз Дубайга кеттик, мекенибизде күйөөмдү салафизмге айыпташты.

Беларустун чек ара кызматы “Азаттыктын” тажик редакциясына өз аймагында кармалган чет өлкөлүк жаран тууралуу комментарий берүүдөн баш тартып, Минсктеги тажик элчилигине кайрылгыла деп кеңеш берди.

Турсуновдун жакындары азырынча беларус бийлиги кандай чечим кабыл алаарынан беймаалым.

Тажик мыйзамында башкаларды экстремизмге чакырганы үчүн беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Соңку жылы жүздөгөн тажик жараны экстремизмге айыпталган. Алардын басымдуусу “Салафи” кыймылынын жактоочулары деп саналат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG