Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:33

Тажикстан: Ирактан келген "кара кагаз"


Иракта өлдү делген 26 жаштагы Назирбек Мадхалов
Иракта өлдү делген 26 жаштагы Назирбек Мадхалов

Ирак жана Сириядагы “Ислам мамлекети” тобунун катарында согушуп жүргөн тажикстандык балдардын ата-энелерине уулдары урушта өлгөнү тууралуу кабарлар келүүдө.

Тажикстандын түштүк-батышындагы Хамадони районуна караштуу Саидкул Турдиев атындагы айылдын тургуну Шерхон Мадхалов 26 жаштагы уулу Назирбек Иракта өлгөнүн жакында гана укту. Бул тууралуу ага аялы жана балдары менен бирге Иракта жүргөн башка бир улуу - Муродбек кабарлаган.

Жергиликтүү бийликтердин маалымдашынча, Хамадони районунан Сирия менен Иракка жети киши кеткен. Алардын ичинен Назирбекти кошкондо үч киши өлгөн деп айтылып жатат.

Назирбек Иракка быйыл мартта жөнөгөн. Андан үч ай мурун иштейбиз деп аялын да Москвага алып кеткен экен. Бирок көп өтпөй эле Шерхон Мадхалов уулу “Ислам мамлекети” тобуна кошулуп кеткенин кудагыйынан угат. Назирбектин кайненесинин ага айтканына караганда, ал аялын кайра самолет менен Тажикстанга жөнөтүп жиберет да, бир канча күндөн кийин кайненесине чалып, Иракка кетип калганын айтат.

- Ал мени менен үч айдан кийин гана сүйлөштү. Акыркы жолу май айында чалган болчу. Ошондон кийин аны менен сүйлөшө алганым жок, - дейт Шерхон Мадхолов.

Шерхон Мадхалов
Шерхон Мадхалов

Назирбек агасы Муродбектин жолун жолдогон сыяктуу. Анткени Муродбек үйүнөн бир канча жыл мурда Орусияга акча тапканы кетип, алгач автосервисте иштесе, кийин соода-сатык кылат. Ошентип Орусияда жүрүп динге берилет.

2012-жылы атасына телефон чалып, аялы жана балдары менен Египетке “саякатка” кетип жатканын айткан экен. Бирок ошону менен кайра артка келген эмес. Египетте жүргөндө кызы төрөлөт - буга чейин анын эки баласы болгон. Канча бир убакыттан кийин Ирак тарапка өтүшкөн экен.

Атасы Шерхон Мадхалов уулу Муродбек менен кээде телефондон сүйлөшүп турат. Анын айтымында, келини Тажикстанга келгиси келет, бирок уулу ага уруксат бербей жүрөт.

Шерхон Мадхаловдун уулдары телефон чалып, жаңжалдуу аймакка кеткенин айтышкан болсо, Хамадони районундагы балдары Ирак менен Сирияга кеткен делген башка ата-энелер уулдарынан эч кандай кат-кабары жок жүрөт. Маселен, Одинамо Курбанова Орусияга иштегени кеткен уулу Сафарали Сирияга барып келгенин Ички иштер министрлигинен уккан. Ага милиция кызматкерлери уулу азыр Түркияда экенин айтышкан. Сафаралинин үй-бүлөсү бул маалыматка ишенер-ишенбесин билишпей турган чагы. Одинамо Курбанова акыркы жолу уулу менен апрель айында сүйлөшкөн. Анын омурткасына операция жасоо зарыл болуп, уулу акчадан жардам берерин, өзү да келип каралашарын айткан экен. Бирок Сафарали убадасына турган эмес.

Эки уулу “Ислам мамлекетине” кошулуп кеткен Шерхан Мадхалов балдарынын радикалдашуусуна алардын “караңгылыгы” себеп болду деген ойдо. Анткени уулдары тиешелүү диний билим алышкан эмес. Анын үстүнө алардын энеси 1998-жылы каза болуп, он бала жетим калган. Муродбек, Назирбек жана башка бир туугандары дээрлик мектепте да окушпай, сабатсыз болуп чоңоюшкан.

"Ислам мамлекетинин" катарындагы тажикстандыктар. Видеодон алынган сүрөт.
"Ислам мамлекетинин" катарындагы тажикстандыктар. Видеодон алынган сүрөт.

Бирок бийликтердин жана жергиликтүү элдин айтымында, Тажикстандан Сирия жана Ирактагы согушка кеткендердин баары жакыр үй-бүлөлөрдөн эмес, жакшы турмушта жашаган ата-энелердин да балдары болууда.

- Ал жакка кеткен кээ бир балдардын ата-энелери интеллигенттер, - дейт Саидкул Турдиев атындагы айылдык кеңештин башчысы Одинахмад Шарапов.

Ал билдиргендей, Сирияда өлдү делген башка дагы эки бала - 31 жаштагы Саидбек Юнусов менен 26 жаштагы Мехрубон Муродов турмушу жакшы үй-бүлөдө чоңоюп, жогорку билим да алышкан. Анын оюнча, бул балдар Сириядан жакшы жумуш табууну убада кылгандарга алданып калган болуусу мүмкүн.

- Мунун баары Орусияда болуп жатат. Анткени биздин айылда “Ислам мамлекетине” же жихадга үгүттөө жок, - деп үшкүрүнөт Одинахмад Шарапов.

XS
SM
MD
LG