Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Рахмон эми "жол башчы" деп аталабы?


Тажик президенти Эмомали Рахмон
Тажик президенти Эмомали Рахмон

Тажикстанда бир катар окумуштуулар президент Эмомали Рахмонго «жол башчы» деген расмий наам берүүнү сунуштады. Байкоочулар буга кайчы пикирлерин айтып чыгышты.

Бир катар окумуштуулар Тажикстандын калкына президент Рахмонго "жол башчы" же "эл башчысы" деген наам ыйгаруу сунушу менен кайрылышты.

Мамлекеттик педагогикалык университеттин ректору Носиржон Салиминин жана дагы бир окумуштуу Холмахмади Самеинин кайрылуусу бийликтеги Элдик демократиялык партиянын расмий сайтында жарыяланды. Анда Рахмондун эмгеги аны "элдик лидер" деп жарыялоого татыктуу экени айтылат.

Кайрылуунун авторлору мындай кадам президенттин эмгегин таануу менен катар, өлкөдөгү биримдүүлүктүн жана прогресстин фактору болуп калат деп эсептешет.

Адвокат жана президенттикке талапкерлигин койгон биринчи аял Ойнихол Бобоназарова президентти «жол башчы, эл башчы» деп атоо демократияга сокку урууга тете деп эсептейт. Ал Конституцияда мамлекет башчысы президент деп аталганын жана авторитардык өлкөлөрдө гана «президенттер өздөрүн жол башчы деп эсептешерин» белгиледи.

Тажикстанды 1992-жылдан бери башкарып келаткан Эмомали Рахмонду эл менен жолугушууларда "улуу урматтуу жол башчы, эл атасы" деп атаган учурлар сейрек эмес.

Компартиянын төрагасынын орун басары Исмоил Талбаков мындан эки жыл мурда президенттик шайлоонун алдында эгер мамлекет башчысы болуп шайланса, биринчи болуп «улуу урматтуу» деген түшүнүктү күчүнөн кетирерин айткан жери бар.

Тажикстандын журналисттер кошуунунун мүчөсү, саясат таануучу Абдык-Ахат Курбанов президентти мамлекет башчысы катары сыйлоо зарыл экендигин билдирди. Учурда "Сокулук" гезитинде иштеген Курбанов Эмомали Рахмондун тынчтыкты орнотуудагы ролу зор болгонун билдирди.

Ошол эле мезгилде ал Борбор Азияда демократия канчалык тамыр жайса да, жеке адамдын башына сыйынуучулук кала берип жаткандыгын белгиледи.

Өз кайрылуусунда Носиржон Салими менен Холмахмади Самеи да Эмомали Рахмондун жарандык согуштан кийин тынчтыкты орнотуудагы салымын эскеришти. Экөө ошондой эле Рахмондун экономикалык программасы Рузвельттин согуштан кийинки, Кытайда Дэн Сяопиндин «Улуу секириги», азыркы Малайзиянын жана Ли Куан Юнун Сингапурду өнөр жайлаштыруу программасы менен тең ата боло алат деп ырасташты.

Бирок Социал-демократтардын жетекчиси Шокиржон Хаким өлкөдө жумушсуздук, төмөн айлык, газ, электр менен камсыздоо жолго коюлбай келаткандыгын эскертти. Анын пикиринде, Түркмөнстан, Казакстандын жолоюнда президентти жол башчы деп атоо «айрым чөйрөлөрдө саясий маданияттын деңгээли төмөндүгүн» далилдейт.

Ал эми Гисар районунун төрагасы Усмон Габсов эл президентти сыйлагандыктан ага «жол башчы, улуу урматтуу» деп кайрыларын белгилеп, бул оппозицияны түйшөлтпөшү керек деди.

1-марттагы парламенттик шайлодо Рахмондун Элдик демократиялык партиясы добуштардын 62 пайызы менен жеңгендиги жарыяланды. Европадагы коопсуздук жана кызматташттык уюму бул шайлоо альтернативасыз өткөндүгүн сынга алган.

Бириккен улуттар уюмунун эсебинде, Тажикстанда калктын 83 пайызынын жашоосу Орусиядагы мигранттар жиберген каражатка көз каранды.

XS
SM
MD
LG