Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:36

Тажикстан: исламдык партия ара жолдо


Исламдык кайра жаралуу партиясынын кеңсесиндеги жума намаз. Дүйшөмбү, 2010-жылдын 17-сентябры.
Исламдык кайра жаралуу партиясынын кеңсесиндеги жума намаз. Дүйшөмбү, 2010-жылдын 17-сентябры.

Тажикстандын Исламдык кайра жаралуу партиясы ара жолдо турат. Сентябрдагы курултайында партияны келерки төрт жылда ким башкара тургандыгы аныкталышы керек.

Тажикстандын Исламдык кайра жаралуу партиясын учурда 45 жаштагы Мухидин Кабири жетектейт. Партиянын өзүндө консерваторлор менен модернисттердин ортосунда талаш-тартыш бар, бирок байкоочулардын көбү 24-сентябрдагы курултайда Кабиринин эле кайра шайланышын болжошууда.

Кабирини өз кезегинде партиянын негиздөөчүсү Саид Абдулло Нури өзү тандаган. Нури 2006-жылы катуу оорудан кийин көзү өтүп кеткен соң Кабири бир добуштан төрагалыкка шайланган. Нуринин Кабирини тандаганына убагында көп киши таң калган, себеби анын жогорку диний билми жок жана Тажикстанда шариятка негизделген исламдык мамлекетти курууга каршы экендиги жакшы белгилүү.

Оппоненттери оппозициянын жол башчысы катары Кабирини «жумшак мүнөздүү, бийликтин айтканынан чыга албайт» деп сынга алышат. Тажик бийликтери соңку жылдары ондогон мечит, медреселерди жаап, былтыр бир миңден ашык тажик жаштары чет өлкөлөрдөгү диний окуу жайлардан чакыртылып алынган. Балдарга мечитке барууга тыюу салынган.

Бул жылдагы парламенттик шайлоодо Исламдык кайра жаралуу партиясы болгону эки орунга жетишкени Кабиринин колдоочуларын айрыкча көңүлүн кайт кылды.

Кабирини башкалардын пикирин көңүлгө албайт дегендер да бар. Алардын бири Мирзо Мухаммад Навид 20 жыл мүчө болуп туруп, партиядан кечээ жакында чыгып алды. Партиядагы консервативдик канаттын өкүлү саналган Навид Кабирини диний жетекчи катары да санабайт:

- Кабири биринчи кезекте саясатчы. Ал диний ураандарды пайдаланган саясатчы.

Партия шайлоого кимдер катышаарын расмий жарыялай элек, бирок Кабириге анын орун басары Саид Умар Хусайни, партиянын негиздөөчүсүнүн тун уулу Мухамаджон Нури чыгышы мүмкүн экендигин болжолдоого болот. Хусайни өзү «Кабири кеңири колдоо алып, жеңип чыгат» деп эсептейт. Ошол эле убакта ал 300 киши добуш берип жатканда, шайлоонун жыйынтыгын так айтуу кыйын экендигин белгилейт.

Хусайни партия жаңычыл, сабырдуу, учурдагы кырдаалга ылайыкташа билген кайра жаралуу партиясы - коомдун өнүгүүсүн, билим берүү, илим, технологияларды өнүктүрүүнү колдой тургандыгын белгилейт. «Биз артта калган күч эмеспиз, бул партиянын стратегиясы, ошондуктан аны бир киши өзгөртө албайт» деп белгилейт Хусайни.

Кабири өзү кайра шайланбай калса да, партиянын сабырдуу турумунда терең өзгөрүү болбойт деп ишенет:

- Партия экстремисттик нукка түшөт деген коркунуч жок. Жаңы жетекчи деле андайга барбайт, себеби тажик коому жана партиянын өзү ага макул болбойт.

XS
SM
MD
LG