Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:46

Орус армиясы Тажикстанда 29 жылга калат


Орусиялык аскерлер Тажикстанда 2042-жылга чейин калмай болду. Тажик парламенти мындай келишимди быйыл күзүндө бекитет.

Бул жөнүндө президент Эмомали Рахмон 1-августта Москвада президент Владимир Путин экөө чогуу өткөргөн маалымат жыйынында жар салды.

Азыр Тажикстанда 7 миң чамалуу орусиялык аскер бар. Алар 201-дивизияда кызмат өтөшөт жана СССР ыдырап кеткенден 2005-жылга чейин Тажикстан – Ооганстан чек арасын күзөткөн.

Акыркы эки жылда Москва-Дүйшөмбү ортосунда базанын акысы боюнча талаш жүрүп жаткан. 2011-жылы сентябрда келишимди 49 жылга узартуу жана тийиштүү келишимге 2012-жылы 1-кварталда кол койуу макулдашылган. Бирок кийинчерээк тажик тарап база үчүн жылына 300 млн. доллар төлөө, болбосо ушундай көлөмдө аскерий-техникалык жардам көрсөтүлүшү зарыл деген талабын айтып чыкан.

Президент Эмомали Рахмондун Москвада президент Владимир Путин менен болгон кездешүүдөн кийинки билдирүүсү тараптар өз ара мунасага келди дегенди шарданалайт:

- Мен айтып койгум келет: бул маселеге биз аябай жооптуу мамиле кылабыз жана биз өз милдеттенмебизди илбериңки аткарганга даярбыз. Ошон үчүн базага байланыштуу маселелер жөндөлгөндөн кийин жана өлкө парламенти өргүүдөн келген соң, быйыл күзгө чейин бул маселени чечебиз.

201-дивизия Тажикстандагы эң мыкты куралданган аскердик бөлүк. Орусиянын эл аралык ишмердүүлүк боюнча кеңешинин (Орусия президенти каржылаган аналитикалык борбор) маалымдашынча, анын курамына үч мотоаткычтар полку, артиллериялык полк, зениттик-ракеталык полк жана жети тикучардан турган авиагруппа кирет.

Орус аскерлеринин негизги бөлүгү Дүйшөмбү шаарында жайгашкан. Ошондой эле Дүйшөмбүдө 670-авиагруппа жана Коргон-Төбөдө реактивдүү “Град” системасы менен куралданган дивизион бар. Булардан тышкары космос мейкиндигин көзөмөлдөөчү “Нурек” оптикалык-электрондук комплекси бар.

Эмомали Рахмон менен чогуу өткөргөн маалымат жыйынында Владимир Путин 201-дивизиянын маанисин төмөндөгүчө түшүндүрдү:

- Орусиянын Тажикстандын аймагындагы аскердик базасы жөнүндөгү келишимдин мөөнөтүн өзгөртүүгө өзгөчө көңүл бурдук. Бул биздин мамлекеттик чек арадан сырт жактагы эң чоң орусиялык аскердик бөлүк экенине токтоло кетким келет.

Москвадагы жолугушуудан кийин Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 2025-жылга чейин Тажик армиясын куралдандырууга Москва 200 миллион доллар чегере турганын билдирди.

Москва болочокто Тажикстанда төрт чакан ГЭСти курууга катышаары жөнүндө да маалымдалды.

Президент Рахмон Москвадагы сүйлөшүүдө аскерий келишимден башка да Орусиядагы тажик мигранттарынын абалы тууралуу маселе болгонун баса белгиледи:

- Биздин кездешүүбүздө эмгек мигранттары сыяктуу абдан актуалдуу тармакка өзгөчө көңүл бурулду. Аларга байланыштуу келишимдик- укуктук базаны өнүктүрүүнү уланта берүү, бул категориядагы биздин жарандардын жашоо жана эмгек шартын жакшыртуу дайыма биздин көңүл чордонубузда турат. Ошон үчүн бул маселе сүйлөшүүнүн күн тартибиндеги эң маанилүү проблемалардын бири болду.

Азыр Орусияда 1 миллион тажик мигранты бар экени айтылып жүрөт. Путин Рахмонго эскерте кеткендей, алар жөнөткөн акча Тажикстандагы социалдык жагдайды туруктуу кармоого жана экономиканын өнүгүүсүнө олутуу салым кошот.

Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча, 2012-жылы чет өлкөдө эмгектенген тажикстандыктар мекенине жөнөткөн акча улуттук дүң жыйымдын 47 процентин, ал эми кыргызстандык эмгек мигранттары жөнөткөн акча улуттук дүң жыйымдын 28 процентин түзгөн.

XS
SM
MD
LG