Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:16

TeliaSonera тажик бийлигине ачык кат жазды


Швециялык TeliaSonera ишканасынын Тажикстанда иштеп жаткан Tcell байланыш операторуна өлкөнүн айрым органдары бут тосуп жатканы айтылууда.

TeliaSonera ишканасынын жетекчилиги маселени чечип берүүнү суранып, Тажикстандын жогорку бийликтерине ачык кат жазды. Аталган ишкана постсоветтик аймактагы бир катар мамлекеттерде коррупциялык жаңжалдарга аралашкан.

Ачык каттын мазмуну

TeliaSonera ишканасынын аткаруучу директору Йохан Деннелинд Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзодага, Тышкы иштер министрлигине жана президенттин аппарат жетекчисине кайрылды.

Эл аралык ишкана өкүлдөрүнүн айтымында, 2016-жылдын сентябрь айында Tcell деген бренд менен таанымал “Индиго Тажикстан” жабык акционердик коому Агахан экономикалык өнүктүрүү фондуна компаниянын 60% үлүшүн сатуу келишимине жетишкен. Бирок андан бери өлкөнүн Антимонополия агенттиги сатуу-алуу келишимин каттабай жатат. Агенттик мунун себебин так түшүндүргөн эмес. Эки тараптын келишиминин расмий катталбаганы компаниянын өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизүүдө.

Маалыматтарда “мыйзамсыз салык талабына” туш болгон Tcell каржылык кыйынчылыкка кептелгени да айтылат. TeliaSonera ишканасынын аткаруучу директору Йохан Деннелинд “Точиктелеком” мамлекеттик байланыш операторунун Tcell ишканасына берчү карызын да эске салган. Бирок карыздын өлчөмүн айткан эмес.

Йохан Деннелинд Тажикстандын жогорку бийликтеринен маселени чечип берүүнү суранып, көйгөй каралбаса өлкөдөгү телекоминикация тармагы жабыр тартарын эскерткен. Ошондой эле Агахан экономикалык өнүктүрүү фонду да бул маселе боюнча сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген.

Йохан Деннелинд.
Йохан Деннелинд.

Тажик салык кызматы 2015-2016-жылдары Tcell компаниясын текшерүүгө алып, салыктан качкан деген кине менен 155 миллион сомони айыппул салган. Өз кезегинде Telia Sonera жетекчилиги ага тынчсыздануусун билдирип, мындай талапты туура эмес деп эсептейт. Tcell жетекчилиги салык кызматы талап кылган сумма компаниянын 2015-жылдагы кирешесинен жогору экенин айтууда.

Салык кызматынын жообу

Ал эми 20-январдагы маалымат жыйынында Тажикстандын салык кызматынын башчысы Нусратулло Давлатзода швециялык компания салыктан миллиондорду жашырганын, бул боюнча сот иштери жүрүп жатканын билдирген. Салык кызматы Tcell компаниясынан сырткары дагы эки уюлдук операторго салыктан качты деп айыппул салганы белгилүү. "Билайн" 151 миллион сомони, "Мегафон" 155 миллион сомони айыпты мамлекеттик казынага төгүүгө аргасыз болууда.

Тажикстанда байланыш операторлору кирешелүү тармак болгондуктан мындай компаниялардын ишмердигине байланышкан көйгөйлөр көп болот. Жергиликтүү байкоочулар өкмөт бул тармакты очойгон салык салуу менен жүдөтүп жатканын белгилешет. Мындай кырдаал чечилбесе, ал өлкөдөгү байланыш, телекоммуникация тармагындагы компаниялардын кыскарышына алып келиши ыктымал.

TeliaSonera ишканасы жана Өзбекстан

TeliaSonera постсоветтик аймагындагы бир катар мамлекеттердеги коррупциялык жаңжалдарга аралашканы менен белгилүү. Маселен, уюшкан кылмыштуулукту иликтөө боюнча OCCRP уюмунун маалыматына караганда, TeliaSonera Өзбекстандын мурдагы президентинин кызы Гүлнара Каримовага 381 миллион доллар пара берген жана дагы 75 миллион доллар убада кылган. Өзбек президентинин улуу кызы Гүлнара Каримова бир катар телекоммуникациялык компаниялардан өзбек рыногуна кирүү жана андан ары колдоп туруу үчүн бир миллиард доллардан көп пара алган. Каримовага мындан башка орусиялык “Вымпелком” жана МТС, ошондой эле Alfa Telecom да акча төлөгөн.

Гүлнара Каримова.
Гүлнара Каримова.

2015-жылдары ТeliaSonerа коррупциянын айынан КМШдагы ишмердүүлүгүн токтотоорун билдирген. Компания ишмердүүлүк жүргүзгөн картасында бул өлкөлөрдү “Евразия” аймагы деп атайт. Ага Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан, Молдова, Грузия, ошондой эле Непал да кирет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG