Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:47

Hurriyet: Кувватов Түркияга кыргыз паспорту менен кирген


Умарали Кувватов
Умарали Кувватов

Түркиянын маалымат каражаттары кабарлагандай, тажик оппозициячысы Умарали Кувватовдун өмүрүнө кол салган деп шектелген бир нече киши кармалды.

Ал маалда Түркиянын Hurriyet гезити Кувватов былтыр февралда бул өлкөгө Кыргызстандын паспорту менен киргенин жазды. Бир нече айдан бери Стамбулда жашап жаткан саясатчыны 5-марттан 6сына караган түнү атып кетишкен.

Haber7.com, Нaberturk.com жана Sondakikahaberleri.info.tr интернет порталдары 9-мартта маалымдашкандай, "Группа 24" кыймылынын лидеринин өлүмүнө тиешеси бар деп кармалгандардын үчөө тең Тажикстандын жараны. "Булактардын ырастоосунда, бирөө Умарали Кувватовду ууландырууга аракеттенген, экинчиси үйдүн жанында кайтарып турган, ал эми үчүнчүсү ок чыгарган. Акыркысынын сүрөтү маркумдун 11 жаштагы баласынын көрсөтмөсү менен тартылган", - деп жазды сөз болгон интернет басылмалар.

Нaberturk.com маалымдагандай, түнкү операция учурунда камакка алынган эки киши Кувватов менен тааныш болчу. Азырынча Түркиянын полициясы бул маалыматтар боюнча расмий комментарий жасай элек.

Умурали Кувватовдун сөөгүн машинеге жүктөшүүдө. Түркия
Умурали Кувватовдун сөөгүн машинеге жүктөшүүдө. Түркия

​Hurriyet гезитинин кабарчысы Фырат Алкач 7-марттагы макаласында Кувватовдун былтыр февралда Түркияга Кыргызстандын паспорту менен киргенин жазган. Анын айтымында, оппозициячынын өлкөгө мыйзамсыз киргени аныкталгандан кийин ал полициянын көзөмөлүнө алынган.

- Ал киши Стамбулга Кыргызстандын паспорту менен кирген экен. Ал паспорту жасалма болушу мүмкүн экени да айтылып жатат. Өзү да буга чейин Кыргызстандын паспорту менен киргенин айтыптыр. Болгондо да мыйзамсыз жол менен келиптир, - деп айтып берди биздин кабарчыбызга түркиялык журналист.

Кувватовдун сөөгү 9-мартта Стамбулдагы көрүстөнгө коюлду. Аны менен коштошууга келгендер " бул тажик президенти “Эмомали Рахмондун кылганы” деген жазууларды кармап, президентти “диктатор” деп атап жатышты.

Ал эми “Азаттыктын” тажик кызматынын жазганына караганда, Тажикстандын Восе районунун 30 жаштагы тургуну Сулаймон Каюмов кол салуудан кийин негизги шектүү катары аталууда.

Жакындарынын айтымында, Кувватов 5-марттан 6сына караган түнү ошол кишинин үйүнөн чыгып бараткан кезде ок жеген. Каюмовдун туугандары болсо ишкерлик менен алектенген Сулаймон Түркияга бир жабдык сатып алуу үчүн барганын айтып беришти.

Кыргыз паспорту
Кыргыз паспорту

Маркумдун жубайы Кумринисо Хафизованын 7-мартта билдиргенине караганда, бала-чакасы менен бирге Каюмовдун үйүнөн тамак ичкенден кийин бардыгы өзүн жаман сезе баштаган. Ууланышканынан шек санашып, үйгө баргандан кийин дароо догдурга кайрылмак болушкан. Бирок сыртка чыгып бараткан жеринен Кувватовду артынан белгисиз адам башка атып өлтүргөн. Түрк маалымат каражаттары тергөөчүлөр жүргүзгөн экспертиза маркумдун кол салууга чейин ууланганын тастыктады деп жазышат.

Кувватовдун 2 баласы азыр дарыгерлердин көзөмөлүндө. Жубайы күйөөсүнүн зыйнатына даярдануу үчүн 7-мартта ооруканадан чыккан.

Бир кездери Рахмондун жакындарынын бизнес өнөктөшү болгон Кувватов кийин оппозицияга өткөн. Дүйшөмбүдө ал көз боёмочулук үчүн изделип жаткан. Ал иштин артында саясат турат деп ырастаган Кувватов мекенинен 2012-жылы чыгып кетип, "Группа 24" деген оппозициялык кыймылды түптөгөн. Өткөн жылдын октябрында тажик өкмөтү кыймылды экстремисттик топтордун “кара тизмесине” киргизген болчу.

XS
SM
MD
LG