Тажикстанда окуу жылы августта башталат
Тажикстан быйылкы окуу жылын 17-августта баштаганы турат. Эми тажикстандык окуучулар эрте башталган эки апта ичинде өткөн жылдагы чаласын толукташмакчы. Өлкөнүн Билим берүү министрлиги коронавирустун экинчи толкуну башталып кетсе, окуучулардын жана сабактардын санын кыскартууну убада кылышууда.