Пандемияга байланыштуу дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттеринде футбол боюнча мелдештер токтотулганына карабастан Тажикстандын футбол лигасы 4-апрелде жаңы сезонду баштады.
Тажик бийлигинин уруксаты менен сезондун ачылышында Душанбенин Истиклол жана Хужанд командалары ойношту. Мелдешке күйөрмандар киргизилген жок.
Тогуз миллион калкы бар коңшу мамлекетте коронавируска чалдыккандар каттала элек. Байкоочулар бийлик бул боюнча маалыматтарды жашырып жатат деп күмөн санашууда.
Ушул тапта кесипкөй футбол таймаштары Тажикстандан башка Беларус, Никарагуа жана Бурунди сыяктуу мамлекеттерде гана өтүп жатат.