Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 22:48

Ташкент мэри жарым миллиард долларлык тендерди утту


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев "Технопаркты" барып көрүүдө, 28-февраль, 2020

2020-жылдын июлунан баштап Өзбекстанда газ колдонуучуларга акылдуу эсептегичтер орнотула баштамакчы. Бул долбоор жарым миллиард долларга бааланды.

Өзбекстандагы стратегиялык мааниси бар ири тендер Ташкент шаарынын мэри Жахангир Артыккожоевге байланыштуу фирмаларга берилди. Эми ар бир абоненттин үйүнө акылдуу газ эсептегичтер орнотулат.

Өзбек бийлиги акылдуу эсептегичтер газ уурулукту тыйып, эл көгүлтүр отту үнөмдүү пайдаланганды үйрөнөт деген үмүттө турат. Бул ойду ишке ашыруу үчүн 3.5 миллион абонентке эсептегичтерди орнотуу керек. Долбоор 2019-жылдын июлунда 400 миллион доллларга бааланган. Бирок декабрь айына барып, анын баасы 644 миллион долларга жеткен. Ал эми быйыл февралда бул сан 555 миллион доллар болуп өзгөргөн.

Энергетика министрлиги түшүндүргөндөй, долбоордун баасынын өзгөрүүсүнө анын техникалык-экономикалык негиздемесин жазган адистердин сабатсыздыгы себеп болушу мүмкүн. Акырында 555 миллион доллар деп бааланган долбоор Ташкент шаарынын мэри Жахангир Артыккожоевдин бизнес импариясына таандык эки компанияга берилгени коомчулукка белгилүү болуп отурат.

Өзбек баш калаасынын мэри Жахангир Артыккожоев
Өзбек баш калаасынын мэри Жахангир Артыккожоев

Тендерге үч компания катышкан. Алардын ичинен 2018-жылдан бери ультра үндүү технология менен газ эсептегичтерди чыгарып келаткан «GAZ METER» деп аталган фирма комиссияны канааттандырган эмес. Бирок эч качан газ эсептегич жасап көрбөгөн «Texnopark» компаниясы жеңүүчү деп табылды. Резерв жеңүүчү катары «PERFECT PLAST PROFIL» компаниясы тандалып алынган. Адистер муну «Texnopark» кандайдыр бир күтүлбөгөн жагдайдан улам оюндан чыгып калса ордуна «PERFECT PLAST PROFIL» компаниясы колдонулат деп чечмелеп жатышат.

"Азаттыктын" өзбек кызматы жүргүзгөн журналисттик иликтөөнүн жыйынтыгында бул эки компания тең Ташкент шаарынын мэри Жахангир Артыккожоевге байланышы бар болуп чыкты.

«Texnopark» фирмасына Ташкент шаардык администрациясы ээлик кылат. Шаардык администрация мэрге баш ийет. Эми «Texnopark» 3.5 миллион даана газ эсептегичти жасап чыгарууга камынып турат. Ошол эле учурда абоненттердин маалыматын топтоо жана сактоо милдети «Fido Biznes» компаниясына тапшырылган.

Тендерден кабары бар адамдар шаар мэри бул тендерден кантип акча табарын жөнөкөй тилде мындайча түшүндүрүштү:

"Texnopark" мэрге карабайт, мэрге баш ийген шаар администрациясына карайт. Бирок ишкана газ эсептегичтерди Ташкент шаарынын мэрине караштуу соода бренди менен чыгармакчы. А шаар мэри Артыккожоев бренддин ээси катары акы алат".

Газ эсептегичти чет элдик «​PERFECT PLAST PROFIL» компаниясы чыгарат. Бирок бул фирмага Өзбекстанда Аброр Ганиев аттуу жаран ээлик кылат. Ал Ташкент мэрине караштуу "Акфа" компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы.

Ташкенттин мэрине байланышкан табышмактуу схемаларды британиялык Кристиан Ласслетт иликтеп чыккан.

"2019-жылдын февраль-март айларында «Discover Invest» компаниясынын негизги акционери Аброр Ганиев болчу. «Discover Invest» жана "J-United Group" компаниялары бир эле даректе катталган. "J-United Group" компаниясынын 100% кожоюну - Ташкент шаарынын мэри Жахангир Артыккожоев. Эгерде «Perfect Plast Profile» компаниясы тууралуу сөз кылсак, өткөн жылы бул компаниянын 100% акциясына Шотландияда катталган "Esperansa Group LP" компаниясы ээлик кылган. Бул компания "Artel-Akfa" холдингининин курамындагы ондогон офшордук фирмалардын бири. Андан сырткары "Esperansa" Артыккожоевге караштуу "Wide Tent Systemе" компаниясына ээлик кылат" - деп чечмелейт Ласслет.

Ласслеттин айтымында, Артыккожоев президент Шавкат Мирзиёевдин коррупциялык аракеттерин иликтеген батыштагы журналисттердин көзүн жазгыруу үчүн өз компанияларын Аброр Ганиевдин атына каттай баштаган.

"Artel-Akfaнын" курамына ондогон жергиликтүү жана офшордук компаниялар кирет. Акыркы айларда Артыккожоев ал компанияларды өзүнүн ишенимдүү адамдарына каттата баштады. Мында Аброр Ганиев анын эң негизги ишенимдүү адамы болуп калды" - деди Ласслет.

Кеңири чөйрөгө «кандай бизнес болбосун жакшы» деген сөзү менен белгилүү мэр Артыккожоев өзүнүн бизнес империясы тууралуу бир да суроого жооп берген жок.

Мирзиёев бийликке келгенден кийин өлкөдөгү эң кымбат мамлекеттик долбоорлор, анын ичинде жалпы баасы эки миллиард долларлык Tashkent City долбоору тендерсиз эле Артыккожоев​дин компанияларына берилген.

Өзбек бийлиги 2022-жылдын аягына чейин 3.5 миллиондон ашык абонентке акылдуу эсептегичтерди орнотуп бүтүшү керек. Бул долбоордун максаты - Өзбекстанда көптөн бери чечилбей келаткан газ тартыштыгын жоюу. Энергетика министрлиги билдиргендей, акыркы технология менен жасалган эсептегичтер газ уурдагандарды тыйып, элге көгүлтүр отту үнөмдүү жагууну үйрөтөт.

Энергетика тармагындагы адистер иш жүзүндө эсептегичке коротулган акча газдын баасына чегерилерин эскертишет.

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG