Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 25-февраль, 2020 Бишкек убактысы 10:01

«Тазалыктын» басма сөз катчысы вице-мэрди сындап чыкты


Жибек Каракеева.

«Тазалык» ишканасынын басма сөз катчысы Жибек Каракеева вице-мэр Мирлан Амантуровдун «бул ишкананын аппаратынын кызматкерлери көп айлык алат» деген сынына жооп берди.

Каракеева «Фейсбуктагы» баракчасына айлык акы тууралуу документти чыгарып, колуна 11890 сом аларын жазды.

«Тазалык» ишканасынын басма сөз катчысы вице-мэрди башка иштери үчүн да сындаган.

«Сиз тешилген жолдор боюнча арыздарга терс мамиле кылып, ар дайым менин оозумду жабууга аракет кыласыз. Сиз жол боюнча арыздарга мэр көрбөсүн деп өзүнчө чат ачып аласыз», – деп жазды Каракеева.

Азырынча Бишкек шаардык мэриясынан «Тазалык» ишканасынын басма сөз катчысы Жибек Каракееванын сынына расмий жооп алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Пикирлерди көрүңүз (7)

XS
SM
MD
LG