Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Тажикстан: исламчылар аял талапкерге каршы


Ойнихол Бобоназарова
Ойнихол Бобоназарова

Президенттик шайлоого Ойнихол Бобоназарованын талапкерлигин өлкөдөгү реформачыл күчтөрдүн бирикмеси көрсөткөн.

Ага Тажикстандын оппозициячыл деп саналган Ислам кайра жаралуу жана Социал-демократиялык партиялары жетекчилик кылат. Жети жыл мурунку шайлоодо укук коргоочу Хуриннисо Гафурзода айым талапкерлигин көрсөткөнү менен аны шайлоо комиссиясы каттаган эмес.

Ошол эле маалда айрымдар аял талапкерге каршы үгүт иштерин баштаганы маалым болду. Ал тургай Бобоназарованын талапкерлигин көрсөткөн Ислам кайра жаралуу партиясынын ичинде да катуу талаш жүрүүдө. Партиянын кээ бир колдоочулары аял кишини президенттикке талапкер кылып көрсөтүү исламга туура келбейт деп айтып чыгышты.

Ислам кайра жаралуу партиясынын Ашттагы мүчөсү Адбуманнони Шерали Орусиядагы 30 чакты партия мүчөлөрү утулуп калуудан чочулап, Бобоназарованын талапкерлигин колдоо чечимин кайра кайтарып алууну сунуштаганын билдирди:

Тажикстандагы шайлоо участогу
Тажикстандагы шайлоо участогу
- Консерваторлордун тобу Бобоназарованын талапкерлиги көрсөтүлсө, эл алдына барып аял талапкер үчүн үгүт иштерин жүргүзүүдөн уялышат.

Бирок адис Зафари Мирзоён айрым диний топторду сынга алды:

- “Алар бейиш эненин бутунун астында" деп айтканы жөн эле болбогон кеп. Чындыгында, исламда аялдын эч кандай орду жок. Тескерисинче, аялдардын исламга чейинки коомдогу орду жогору болчу.

Ал эми Ислам кайра жаралуу партиясынын төрагасы Мухиддин Кабири аял кишинин талапкерлигин көрсөтүү оңойго турбаганын айтты. Бирок бул чечим динден ажыратылган Тажикстанда бир кашкайган чындыкты көрсөттү. Аялдардын шайлоого катышуусуна каршылык көрсөткөндөр көбүнесе исламчылар.

Ал ортодо белгилүү тажик диниятчы ажы Акбар Туражонзода Бобоназарованы талапкерлигин колдомок турсун, анын ишенимдүү адамы катары катталды.

“Биз динден ажыратылган, демократиялык Тажикстанда аял кишини шайлап жатабыз. Биз аял кишини исламчыл мамлекетте шайлаган жокпуз”,- деди Туражонзода.

Анткен менен, айрым диниятчылар Куранда жана Мухаммед пайгамбардын хадистеринде жетекчи эркек болушу керек деген жүйөнү карманып турушат. Алардын бири Тажикстандын уламалар кеңешинин фатва бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Кабылжан Баев “куранда эркектер аялдардын ханы деп жазылган” деген себеп келтирди.

Шайлоого карата өткөн съезд. Тажикстан, 3-сентябрь, 2013-жыл
Шайлоого карата өткөн съезд. Тажикстан, 3-сентябрь, 2013-жыл
"Пайгамбардын хадистеринде жазылган, эгер бийлик аялдардын колуна өтсө, анда эркектер жердин үстүндө эмес, көрдө жатканы оң”,- деп айтты Баев.

Ал эми талапкер Бобоназарова өзүнүн талапкерлиги аркылуу коомдогу аялдар тууралуу калыптанып калган стереотиптерди жокко чыгаргысы келет. Ал жөнүндө Бобоназарова “Азаттыктын” тажик кызматына мындай деди:

“Алардын нааразычылыгынан эч нерсе өзгөрбөйт. Шайлоочулар мени инсан катары билишин каалайм. Аялдардан да, эркектер мага көбүрөөк добуш берсе экен дейм”, - деп билдирди Бобоназарова.

Тажикстандын Конституциясы аялдар менен эркектердин тең укуктуулугун кепилдейт. Тажикстан динден ажыратылган мамлекет болгону менен, өлкөнүн саясий турмушунда алар жокко эсе.

Өлкөнүн Борбордук шайлоо жана референдумдар комиссиясы Тажикстан аймагында 68 аймактык шайлоо комиссиясы бекитилгенин 19-сентябрда "Азаттыктын” тажик кызматына маалымдады. Быйылкы президенттик шайлоонун өзгөчөлүгү – добуш берүү мамлекеттик мекемелердин имаратында өтпөйт.

Быйылкы шайлоого 4 миллион шайлоочу катыша алат. Алардын 900 миңдейи сыртта. Чет өлкөлөрдөгү тажик жарандары үчүн 54 шайлоо борборлору уюштурулаары белгилүү болду. Орусиянын 22 шаарында, Шериктеш өлкөлөрдө жана алыскы чет өлкөлөрдө да тажик жарандары шайлоого катыша алат.

Президенттик шайлоо 6-ноябрда өтөт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG