Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-ноябрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 20:02

Берлин: кечээ жана бүгүн

Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганына 70 жыл толду. Берлин талкалангандан кийин фашисттик Германиянын жетекчилиги толук жеңилгенин мойнуна алып, капитуляцияга кол койгон. Шаарда 600 миң турак жай, коомдук имараттар кыйратылган. Алардын көбү Берлин экиге бөлүнүп турган маалда ошол бойдон калган. 1990-жылы Германия бириккенден кийин мурда болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөр жүргөн. Бүгүн шаардын көп бөлүктөрү таанылгыстай өзгөргөн.

Photo 1 Photo 2
“Кансыз согуштун” символу - Бранденбург дарбазасы Берлин дубалына катар жайгашкан. Согуш учурунда талкаланган дарбаза 2000-2002-жылдары толук калыбына келтирилген.
Photo 1 Photo 2
Кызыл Армиянын аскерлери 1945-жылдын 30-апрелинде ар бир бөлмөсүндө катуу кармаш жүргөн Рейхстагдын алдына туруп сүрөткө түшүп жатышат. Учурда бул имаратта немис парламенти отурат, ал эми Норман Фостердин айнек куполу алдында туристтер басып жүрүшөт.
Photo 1 Photo 2
Кайзер Вильгельмдин чиркөөсү согуш тактары ушул күнгө чейин сакталып калган Берлиндеги сейрек жайлардын бири. 1943-жылы авиасоккуда бузулган чиркөө ошол бойдон калтырылган.
Photo 1 Photo 2
Рейхстагдын алдынан көрүнүшү. Имараттын ичине киргенде 1945-жылы советтик аскерлер дубалдын бооруна калтырган жазууларды көрсө болот.
Photo 1 Photo 2
Александерплац. 1920-жылдары түнкү Берлиндин борбору саналган аянт согуш маалында талкаланган. 1960-жылдары Чыгыш Берлинде эски телемунара менен чогуу кайра курулган.
Photo 1 Photo 2
Акын жана согуш журналисти Василий Захарченко (солдо) советтик офицер менен маектешүүдө, 16-май,1945-жыл. Ошол эле жерде рикша айдаган Клеменс кардарларды күтүүдө, 25-апрель, 2015-жыл. Арттагы атактуу Адлон мейманканасы 1945-жылы урандыга айланган. 1997-жылы кайра калыбына келтирилген.
XS
SM
MD
LG