Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:32

"Эмигранттар" - жаңылануу одасы


КМАДТнын сырткы көрүнүшү. Бишкек. 16-март 2012
КМАДТнын сырткы көрүнүшү. Бишкек. 16-март 2012

23-августта Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында “Эмигранттар” спектаклинин жүз ачары болду.

Польшалык драматург Славомир Мрожектин 1973-жылы жазылган пьесасынын мотиви боюнча сахналаштырган бул чыгармада туулган жерден сыртта эптеп жан багып, мекенинин келечеги тууралуу көз караштары бири-бирине коошпогон эки адамдын тагдыры чагылдырылат.

"Эмигранттар" пьесасы чет жакта жашап жүргөн эки кыргыз азаматтын кер-мур айтышуусунун, ички драмасынын кагылышына толгон жашоосунун бир күнүндөгү руханий түйшүгүн, ыймандык жаңылануусун ырдаган ода. Алардын бири - ата журтун саясий себептен таштап кеткен диссидент-саясатчы, экинчиси - бала-чакасын багуу үчүн бөтөн жерде мээнет кылып, акча топтоп жүргөн мусаапыр. Жашаган жерлери терезеси жок, ным жыттанган жертөлө. Аны да ижарага алышат.

Тажик режиссеру Барзу Абдураззаков (оңдо) "Азаттыктын" кабарчысы Аманбек Жапаров менен
Тажик режиссеру Барзу Абдураззаков (оңдо) "Азаттыктын" кабарчысы Аманбек Жапаров менен

Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын кичи сахнасында эмигрант саясатчы- ААны Эгемберди Бекболиев, ал эми жумушчу- ХХсти Марат Козукеев ойнойт.

Польшалык драматург Славомир Мрожектин “Эмигранттар” пьесасынын мотиви боюнча коюлган спектаклдин режиссеру бишкектиктерге тааныш Барзу Абдураззаков. Тажик режиссеру буга чейин ушул баш калаада “Кыямат”, “Курманбек" жана башка спектаклдерди сахналаштырган.

Катаал, үмүт шооласы араң жанган натурализм жана абсурддук театрдын элементтерин жуурулуштуруп коюлган спектаклде эки башка стилде ойногон актёрлордун руханий, акыл, чеберчилик таймашы оюндун биринчи секундунан башталып, аягына чейин тынбай уланат.

"Эмигранттар" - жаңылануу одасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:20 0:00
Түз линк

Жумушчу саясатка кызыкпайт. Бирок саясатчылар өлкөнү астын-үстүн кылып, аны Москвага келип, иштегенге мажбур кылган кырдаал үчүн жооптуу деп билет. Саясатчы ижарага алган жайынан бир бурчун насыяга берип, аны менен чай-нанын тең бөлүшкөнүнө карабай, аны мекенине душман көрөт. Ошондуктан, саясатчынын (ХХтин) саясий качкын экенин билгенде ага ачуусу келип, текейден арзан жашап жатканына карабай, чемоданын чогултуп, башы оогон жакка кетмек болот.

“Эмигранттар” пьесасы Польшанын Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки драматургиясындагы көрүнүктүү чыгарма. Бул чыгарманы Польшанын коммунисттик бийлиги менен тил табыша албай, 33 жашында чет өлкөгө чыгып кеткен Славомир Мрожек өзү сыяктуу чоочун жерде тентип жүргөн карапайым поляктардын турмушунан алган. Пьесанын актуалдуулугу-чагылдырган темасынын түбөлүктүүлүгүндө жана каармандардын психологиясын реалдуу чагылдыра алганында.

Актер Марат Козукеев
Актер Марат Козукеев

Пьесаны Абибилла Пазылов кыргыз тилине чебер ылайыктап которгондуктан, түп нускасында поляк тилинде жазылганы сезилбейт да. Каармандар улуттук нукка кынаптагандай түшкөн. Актерлор, айрыкча, ХХ - Марат Козукеев карапайым жумушчунун психологиясын кан-жинине аралаштырып ача алган. Эгемберди Бекболиев оюндун акыркы жыйырма мүнөтүндө образ менен бир чулуга айланат жана өзү руханий дүйнөсү тайыз жердешинин дилин өзгөртөт.

“Бул психологиялык спектаклде менин каарманым - ХХ жалган иллюзия менен жашап жүргөнүн ачык айтпаса да, анысына дилинде түшүнөт. Спектакл бүткөндөн кийинки жашоосу кандай болот деп, биз актёрлор өзүбүз да оюндан соң кыялданып көрдүк. Менимче, ошол күнкү психологиялык кагылыштан кийин ХХ эртеси туруп, каткан акчасын алып, үйгө кетет...,” -деп ишенет Марат Козукеев.

Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына “Эмигранттарды” көргөнү келген ар бир адам да өз дилине үңүлүп, жашоого болгон мамилеси артисттер менен кошо өзгөрөрүнөн күмөн жок.
XS
SM
MD
LG