Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:19

«Таймс-скверди» жардырам деген адам кармалды


Көчөдөгү камера орто жаштагы киши дүрмөттөлгөн машиненин жанында турганын тартып калды, 1-май, 2010
Көчөдөгү камера орто жаштагы киши дүрмөттөлгөн машиненин жанында турганын тартып калды, 1-май, 2010

Өткөн ишембиде Нью-Йоркто теракт жасагаганга аракет кылган деп айыпталган адам кармалды. Полиция АКШнын жараны, теги пакистандык Файзал Шахзадды өлкөдөн качып кеткенге аракет кылганда кармаганын билдирди.

АКШнын башкы прокурору Эрик Холдердин айтымында, Нью-Йорктогу “Таймс-сквер” аянтын жардырам деген киши Ж.Кеннеди атындагы эларалык аэропорттон кармалган. Ал Дубайга качып кеткенге аракет кылган экен.

“Биз азыр бул ишке шилтеме болчу бир топ издердин түбүн тапканга аракет кылып жатабыз. Ошондуктан иликтөө иштери дале улантылууда. Азырынча айтаарыбыз – теракт америкалыктарды өлтүрүү үчүн пландалган”, - деди баш-прокурор Холдер.

Полиция Шахзадды дүйшөмбүдө кечинде кармады. Ал “дүрмөттөлгөн машинени “Таймс-скверге” айдап келген” деп айыпталууда. Шейшембиде анын ишин Манхэттендеги федералдык сот карай баштайт.

Файзал Шахзад Коннектикут штатында жашайт, 30 жашта. Жакында эле Пакистанга беш айга барып келген. Аны кармаганга дүрмөттөлгөн машиненин мурдагы ээси жардам бериптир.

Эрик Холдер - АКШнын башкы прокурору
Нью-Йоркто туристтерге толо аянтка келип токтоп калган машинеден түтүн чыга баштаганда, көчөдө турган сатуучу-аксакал (Вьетнамдагы согуштун ардагери – ред.) полицияга кабарлаган эле. Заматта ал райондо кыймыл токтотулуп, көчөлөр жабылды. Иштин баары убагында жасалгандыктан, бомба жарылбай калды. “Эгерде машине жарылып кеткенде, көп адам өлмөк”, - деди башкы прокурор.

“Азыр биз ар тараптуу, өтө кылдат жана агрессивдүү иликтөө жүргүзүп жатабыз. Биз ушул окуяга гана тиешеси барларды эмес, анын тамырын жашырып жаткан террор уюмдарын тапмайынча токтоп калбайбыз”, -деп айтты ал журналисттерге.

Прокурор америкалыктарды бүт шектүү нерселерге көз салып турганга чакырды. ““Таймс-сквердеги” машине жөнүндө жөнөкөй эле америкалык жаран кабар берген. Мындан ары да шектүү аракеттерди байкагандар сөзсүз алар жөнүндө полицияга айтышы керек”, - деди баш-прокурор Холдер.

Жардыргыч заттарга толтурулган унааны ишембиде полиция таап, зыянсыздандыргандан кийин, өздөрүн “Пакистандык талибдер” деп атаган экстремисттик топ интернетте видео-ролик чыгарды. Анда жардырууну алар уюштурушканын айтып, Иракта “Ал-Каиданын” лидерлеринин бири өлтүрүлгөнү үчүн өч алмак болушканын кошумчалашты.

Бирок дүйшөмбүдө Нью-Йорктун полициясы болбой калган ал теракт менен “Ал-Каиданын” же талибдердин байланышы бар дегенге эч далил жок экенин билдирди. Бул билдирүү Файзал Шахзад кармалганга чейин жасалган эле.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG