Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:15

УКМК депутат Дүйшөн Төрөкулов кармалганын кабарлады


УКМК депутат Дүйшөн Төрөкулов кармалганын кабарлады
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:41 0:00

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалганын билдирди. Анын үстүнөн Жазык кодексинин 319-беренеси (Коррупция) менен сотко чейинки териштирүү башталды. Расмий маалыматка ылайык, Төрөкулов 15-январда Ош шаарында колго түшкөн. Кайсыл ишке шек саналып жатканы тууралуу азырынча маалымдала элек. Анын шериги катары Чүйдөн Жантай Шаменов да кол түшкөн. Алар Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилди. 39 жаштагы Дүйшөн Төрөкулов Жогорку Кеңештеги "Бир Бол" фракциясынын депутаты. "Азаттык" азырынча шектүүлөрдүн жакындарына же адвокаттарына байланышып, комментарий ала алган жок.

XS
SM
MD
LG