Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:29

Президент Трамп АКШнын коргоо тармагынын бюджетинин долбооруна вето койду


АКШ президенти Дональд Трамп. Ак Үй, Вашингтон. 2020-жылдын 24-ноябры.
АКШ президенти Дональд Трамп. Ак Үй, Вашингтон. 2020-жылдын 24-ноябры.

АКШнын президенти Доналд Трамп 2021-жылга карата өлкөнүн коргоо тармагына 740,5 миллиард доллар көлөмүндө каралган бюджет тууралуу мыйзам долбооруна 23-декабрда вето койду.

Президент Трамп бул долбоорду Кошмо Штаттарды ички жана тышкы саясатта артыкчылыктуу орунга коюу багытындагы өз өкмөтүнүн далалаттарына карама-каршы келет деп сынга алды. «Бул – Кытай менен Орусияга белек кылганга тете», – деди ал.

Трамптын оюна караганда, интернеттик платформаларды Интернет кардарлары тарабынан жарыяланган мазмунга карата жоопкерчиликке тартуу тууралуу Ак Үйдүн сунушун четке каккан бюджеттик бөлүм да мыйзам долбоорунан чыгарылып салынышы керек болчу.

1960-жылдан бери АКШнын коргоо жаатындагы жылдык бюджеттери тууралуу мыйзам долбоорлору эч бир президенттин ветосу жок эле кабыл алынып келген болчу.

2021-жылга белгиленген бюджет Орусиянын «Түндүк агым-2» жана «Түрк агым» сыяктуу куурлар аркылуу отун өткөрүү долбоорлоруна каршы чектөөлөрдү күчөтүүнү да өзүнө камтыйт.

АКШ Сенаты 11-декабрда коргонуу тармагындагы бюджет тууралуу мыйзам долбоорун көпчүлүк добуш менен кабыл алган. Бул кадам президент Дональд Трамптын «ага вето коём» деген эскертүүсүнө карабастан жасалган. Сенатта аны жактап 84 киши добуш берилди, 13 сенатор каршы чыкты. Ал эми Конгресстин Өкүлдөр Палатасы болсо саал мурдараак, 8-декабрда, бул мыйзам долбоорун жактырган: добушка койгондо аны 335 өкүл колдоп, 78и гана каршы добуш берген.

Ошентип, Конгресстин эки палатасы тең коргоо жаатындагы мыйзамдын долбоорун буга чейин эле президенттик ветону жеңип өтө тургандай басымдуу көпчүлүк добуш менен кабыл алган.

«Улуттук коргоого уруксат акты» деп расмий аталган жана 740,5 миллиард доллар каражатты камтыган бул мыйзам долбоору Кошмо Штаттардын президентин Түркиянын орусиялык S-400 ракетадан коргонуу системасын сатып алгандыгы үчүн расмий Анкарага санкция киргизүүгө да милдеттендирет. Президент Трамп болсо Түркияны мындай чектөө аркылуу жазалоого каршы болуп келген.

Эми АКШ Конгрессинин эки палатасы тең кайрадан үчтөн экиден көп добуш берүү аркылуу президенттик ветону жеңип чыгат деп күтүлүүдө. (TT)

XS
SM
MD
LG