Түркияда дүйшөмбүгө караган түнү жер экинчи жолу силкинди. Сейсмологиялык борбор кабарлагандай, Иран менен чек арага жакын жайгашкан Ван провинциясында болгон жер титирөөнүн күчү 5,8 баллга жетти. Бул жолу жабыркагандар тууралуу маалымат чыккан жок. Андан мурдараак 23-февраль күнү эртең менен ушул эле аймакта катталган жер титирөө тогуз адамдын өмүрүн алган. Алардын үчөө - балдар. Жабыркагандардын саны 50 кишиге чукулдады. Тогузунун абалы оор экенин Түркиянын саламаттык сактоо министри билдирди. Ванда кыргыздар көп отурукташкан.
Иран тарапта 25 киши ар кандай деңгээлде жаракат алганы маалым болду. Эки тарапта тең турак жайлар ураган. Зилзаланын очогу Ирандын Түркия менен чек арадан он чакырым аралыктагы Хабаш-е Оля кыштагынын жанында жайгашкан.
Түркиянын чыгышында январь айында болгон жер титирөөдөн 40 киши каза тапкан.