Түркиянын Ван аймагындагы жер титирөөдө аймактагы Улуу Памир айылындагы вандык кыргыздар жабыркаган жок. Бул тууралуу «Азаттыкка» айыл башчысы Эйүпхан Кошар билдирди.
«Баары тынч, аман-эсен. Жер титирөө бизден 200 чакырымдай алыс аймакта болду. Ирандын чек арасында жайгашкан башка облуста болду».
23-февраль күнү эртең менен Ван провинциясында катталган жер титирөө тогуз адамдын өмүрүн алган. Алардын үчөө - балдар. Күчү 5,8 баллга жеткен жер титирөөнүн очогу Иран менен чектешкен аймакта жайгашкан. Иран тарапта 25 адам жабыркаганы маалым болду. (ElB)