Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:54

Түркия: Шайлоо артынан Конституцияны өзгөртүү чакырыгы


АК партия жактоочуларынын майрамы. Анкара, 1-ноябрь, 2015-жыл.
АК партия жактоочуларынын майрамы. Анкара, 1-ноябрь, 2015-жыл.

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган кечээ өлкө калкы стабилдүүлүк үчүн добуш берди деп ырастап, дүйнө мамлекеттерин шайлоо жыйынтыгын урматтоого үндөдү. Кечээги шайлоонун натыйжасында президент Эрдогандын АК партиясы добуштардын дээрлик 50% алып, өкмөттү жеке өзү куроо укугуна ээ болду. АК партиянын жеңишинен кийин эле Түркиянын Конституциясын өзгөртүү чакырыктары айтылып жатат.

Түркияда 1-ноябрдагы добуш берүүдөн кийин жалгыз партиянын бийликтеги үстөмдүгү дагы кеминде төрт жылга узарды.

АК партиянын жеңиши келечекте Эрдогандын бийлиги буга чейинкиден да бекемделет дегенди туюндурат.

Анкарада өткөн түнү АК партиянын мөөнөтсүз шайлоодогу жеңишине арналган салтанатта сөз алган премьер-министр Ахмет Давутоглы эми Түркиянын Конституциясын өзгөртүүгө чакырды:

- Мен парламентке кирген тараптардын баарын жаңы жарандык улуттук Конституцияны түзүүгө чакырам. Бул ишенимдүү шайлоо системасы, ачык-айкын бийлик жана бюрократиясыз саясат үчүн керек. Келгиле, төңкөрүштөн кийинки Конституцияны өзгөртүү үчүн жарандык жана либералдык Конституциянын үстүнөн чогуу иштейли. Биз эч качан эркиндикти коопсуздук үчүн садага чаппайбыз. Биз жаңы Түркияны куруп, эркиндикти да, коопсуздукту да сактайбыз. Биздин жарандардын коопсуздугу, ой-пикир билдирүү эркиндиги, диний ишеним эркиндиги коргоого алынарын баса белгилеп кетким келет. Бүгүнкү жыйынтыктан кийин биз тынчтык жараяндан жана терроризмге каршы күрөштөн баш тартпайбыз.

Байкоочулардын баамында, шайлоо артынан эле Конституция маселеси дароо көтөрүлүп жатканы бекеринен эмес.

Түркиянын парламент эмес, эл тарабынан шайланган президенти катары Эрдогандын азыркы Баш мыйзамды өзгөртүп, мамлекет башчысынын ыйгарым укуктары кеңейтүү планы бар болгону узактан бери айтылып келет, муну президент өзү дагы жашырбайт.

Бирок быйыл июнда кезектеги парламенттик шайлоодон кийин бул пландар ишке ашпай тургандай көрүнгөн. Анткени анда АК партия бийликке келген 2001-жылдан бери биринчи ирет парламентте көпчүлүктү ээлей албай калган.

Режеп Тайып Эрдоган Стамбулдагы мечитте аны куттуктап жаткан жактоочулары менен. 2-ноябрь, 2015-жыл.
Режеп Тайып Эрдоган Стамбулдагы мечитте аны куттуктап жаткан жактоочулары менен. 2-ноябрь, 2015-жыл.

Бирок андан кийин Эрдогандын партиясы Конституцияда каралган мөөнөттө башка саясий күчтөр менен коалиция түзө албады деп жарыяланып, кайра шайлоо 1-ноябрга белгиленген. Эми жаңы шайлоодон кийин АК партия добуштардын дээрлик жарымын алып, парламенттеги 550 орундун 316сын ээлөөдө.

Президент Эрдоган өзү шайлоо жыйынтыгын комментарийлегенде эл стабилдүүлүк үчүн добуш бергенине басып жасап, дүйнөнү түркиялыктардын чечимин урматтоого үндөдү.

Чыңгыз Актар - Стамбулдагы Бакчешехир университетинин профессору. Ал "Рейтердин" кабарчысы менен маегинде АК партиянын азыркы шайлоодогу жеңишинин масштабы күтүүсүз болгонуна, “жаңы режим" тууралуу кыялданган президент Эрдоган жана анын партиясы алдында олуттуу көйгөйлөр турганына токтолду:

- Менимче, бул бийликтеги партия үчүн ууланган белек сыяктуу. Эл аралык коомчулук кандай реакция жасарын убакыт көрсөтөт. Азыр Түркия саясатында жаңы элемент да жаралды. Ал – “Ислам мамлекети” террордук тобу. Түркиянын өзүнүн чалгын кызматтарынын эсебинде, үч миңдей түрк жараны “Ислам мамлекети” тобу үчүн иштеп, күрөшүүдө. Алар өлкөнүн ичинде. Азыркы өкмөт мына ушул маселе менен алектенип, чечүүсү керек. Буга кошумча өлкөнүн Сирия саясаты толугу менен ойрон болуп отурат.

“Ислам мамлекети” тобу демекчи, өткөн айда Анкарада жанкечти жасаган кош жардыруулардан 100дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылган. Күрттөрдүн таламын талашкан уюмдар жана профсоюздар уюштурган жүрүш учурундагы бул теракт үчүн президент Эрдоган Сириянын чалгын кызматтарын жана күрт согушкерлерин айыптап, алар "Ислам мамлекети" террордук тобу менен бирге иштешкенин айткан.

АК партия менен катар түрк парламентине бул ирет үч партия кирүүдө. 26% жакын добуш топтоо менен парламенттен 135 орун алып жаткан оппозициядагы Республикалык Элдик партиянын лидери Кемал Кылычдароглы шайлоо жыйынтыгын алардын партиясы үчүн жоопкерчиликтин күчөшү деп сыпаттады.

Салахиддин Демирташ.
Салахиддин Демирташ.

Ал эми үчүнчү орун алуу менен бул шайлоодо колдоочулары мурдагыдан төрт пайызга азайган Улуттук кыймыл партиясынын лидери Девлет Бакчели шайлоо жыйынтыгы Түркиядагы азыркы абалды өзгөртпөсүн, АК партияга берилген добуш стабилдүүлүк эмес, мунун тескерисин алып келерин айтып чыкты.

Бул ирет да 10 пайыздык босогодон өтө алган жана күрттөрдүн таламын талашкан жаңы саясий күч – Элдик демократиялык партиянын лидери Салахиддин Демирташ соңку саясий өнөктүктү "адилетсиз шайлоо" деп атады.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG