Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Түркия-Израил: мамилени оңдоо аракети


Түркия менен Израил мамилесин калыбына келтиргени кабарланды. Эки өлкөнүн мамилеси Палестинаны блокадалоого каршы флотилия жаңжалынан кийин бузулган. Түркия Израилдеги элчисин чакыртып алгандан кийин Тель-Авив да ошондой кадамга барган. Мына ошол бузулган мамиле калыбына келтирилгенин 27-июнда түрк жана израил өкмөт башчылары расмий түрдө жарыяламакчы.

2010-жылы май айында Мармара кемеси баштаган флотилия Палестинага деңиз жактан кирүүгө аракет жасаган. Кемелерде 30га чукул өлкөнүн активисттери, укук коргоочулар жана гуманитардык жүк болгон.

Түркия эл аралык суулардагы кол салууну пираттык деп атап, Израилдин аракетин эл аралык сотторго берген. Бул окуяга чейин дурус болуп келген Түркия-Израил мамилеси кескин начарлап, дипломатиялык байланыштар үзүлгөн. Мына ушул окуядан алты жылдан кийин эки тарап мамилесин калыбына келтирүүнү макулдашканы 26-июнда кабарланды.

Израил өкмөт башчысы Бинямин Нетаняху менен Римге сапарга барган, атын атагысы келбеген жогорку даражалуу чиновник эки өлкөнүн мамилеси толук калыбына келгени 27-июнда расмий түрдө жарыяланарын "Рейтерс", "Ассошейтед пресс" маалымат агенттиктерине билдирген. Бул күнү Римде түрк өкмөт башчысы Бинали Йылдырым менен Израил премьер-министри Бинямин Нетаняху жолугушмакчы.

Мамилени калыбына келтирүү келишимине ылайык Израил тарап Түркияга 20 млн. доллардан ашуун компенсация төлөп берет. Бул каражат кандуу окуя учурунда каза тапкандардын жакындарына берилмекчи. Түркия өз кезегинде эл аралык сотторго берген доосунан баш тартат.

Израил өкмөт башчысы Римге сапарынын алдында өкмөт жыйынында келишимдин алкагында Израил 2014-жылдагы “Бузулбас аска” операциясы учурунда жоголгон аскерлеринин сөөгүн табууга Түркиядан жардам алынарын билдирген:

- Түркия менен келишимге байланыштуу көп туура эмес маалыматтар жүрөт. Ошого мен тактык киргизип коеюн дедим. Биз ар дайым Орон Шауль жана Адар Голдинди кайтарууга коомдук жана башка жактан аракеттерди жасап келатабыз. Биз алардын үй-бүлөсү менен ар дайым байланыштабыз. Аларды алып келмейин көңүлүбүз тынчыбайт.

Өкмөт башчы ошондой эле келишим Түркия менен Израил ортосунда экономикалык байланыштарды өркүндөтүүгө чоң салым кошорун Римде АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен жолугушуудан кийин билдирди.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри өз кезегинде Түркия менен Израилдин мамилесин калыбына келтирилишин кубаттоого алган. Түркия Израилдин Палестинадагы аскердик операцияларын, согуштарын, блокадалоону кескин айыптап келген.

Түркия жаңы келишим Палестинага гуманитардык жардам көрсөтүүгө жол ачарын билдирип, келишимди дипломатиялык жеңиш катары баалаган. Бирок Израил өз кезегинде келишимге жетишүүнүн бир шарты катары Түркия коюп келген Палестинаны блокадалоо улана берерин билдирүүдө.

Түркия менен Израилдин жаңы келишиминде эки өлкө бийлиги үчүн тобокелдиктер олуттуу. Израил тараптын ашынган улутчулдары Израил Түркиядан кечирим сурап, 20 млн. доллардан ашуун кун төлөп, аброюн кетирди десе, Түркияда антиизраилдик агымдын сыны күчөшү мүмкүн.

Бирок Сирия, Ирак согушу жана Түркиянын өзүндө күрт маселеси курчуп турган мезгилде расмий Анкара душман көбөйтүү эмес, азайтуу жагын көздөгөндөй.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG