Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:24

Түркияда референдум өткөрүлүшү мүмкүн


"Таксим" аянты, 13-июнь, 2013
"Таксим" аянты, 13-июнь, 2013

Стамбулдагы Гези паркы боюнча тополоңду басыш үчүн бийлик референдум өткөрүүнү сунуштады. Бирок шаардагы Таксим аянтында полиция менен демонстранттардын тиреши токтой элек.

Акыркы эки аптадан берки тирешүү кээде зордук-зобун менен коштолду.

“Парктын ордуна дүкөн салат экен” деген нааразылыктан башталган толкун кийинчерээк өлкөнүн премьер-министри Режеп Тайып Эрдогандын саясатына каршы болгондорду бириктирди. Эрдоганды “барган сайын авторитардык лидерге айланып баратат, өзүнүн “Акыйкаттык жана Өнүгүү” партиясынын консервативдүү исламий саясатын киргизгени жатат” дегендердин каршылыгы күчөдү.

Бир топ ырбап кеткен башаламандыкты эптеп басыш үчүн бийлик эми бул маселени референдумга коюуну сунуштады, бирок митингчилер ага анча деле көнгөнү байкалбайт. Протестчилер бүгүн Таксим аянтына да, Гези паркына да чогулганы көрүндү.

Борбор калаа Анкарада болсо өткөн түнү полиция нааразылыкка чыккан миңдеген демонстранттарды көздөн жаш чыгарчу газ менен таркатканга аракет кылды.

Референдум жөнүндө жарыя Эрдоган кечээ 11 активист менен сүйлөшүп, аларды эпке келтиргенге аракет кылгандан кийин жасалды. Ушул жолугушуудан бир күн мурда Стамбулда полиция менен митингчилердин тиреши түнү бою уланган. Муну кийин көптөр нааразылык башталгандан берки эң эле зордукчул, катаал кагылыш деп атады.

“Акыйкаттык жана Өнүгүү” партиясынын расмий өкүлү Хусейн Челиктин айтымында, референдум жалпы өлкө боюнча эмес, Стамбулда гана өткөрүлөт.

"Активисттер менен сүйлөшүүнүн жыйынтыгында биз эми суроону Стамбулдун тургундарына референдумга койсок болот деп жатабыз. Референдум өлкө боюнча өтпөйт, Стамбулдун тургундарынан гана: “Бул долбоор сизге керекпи же керек эмеспи?”, - деп сурайбыз. Демократиялык коомдо элдин мүдөөсү колдоого алынышы керек, ошондуктан стамбулдуктар эмне десе, аны кабыл алабыз", - деди Челик.

Башкаруучу партиянын өкүлү ушул жарыяны “бийлик тараптан тил табышууга жасалган ак ниет кадам” деген таризде сыпаттап, эми 13 күндөн бери Таксим аянтын ээлеп тургандар таркап кетишет го деген үмүтүн билдирди. Ал митингчилерди паркты да “тезинен” бошотууга чакырды.

"Мен азыр ал жерде экологияны коргош үчүн тургандар менен нааразылыгын билдиргени чогулгандарды кетүүгө чакырам. Биз референдум өткөрө турган болдук, демек, маселе эми зарыл болгон органдардын кароосуна алынат, - дейт Хусейн Челик. - Гези паркында жашоо кадимки ыргагына кайтышы керек, ал жакка сейилдегени баргандар эркин кире алгыдай болушу зарыл".

Түркияда 31-майда башталган нааразылык толкуну 10 жылдан бери бийликте турган Эрдоган өкмөтүнө буга чейин болуп көрбөгөн олуттуу каршылык бар экенин айгиниледи.

Өкмөттүн башчысы Эрдоган өзү нааразылык акцияларына чыккандарды бейбаштар да деди, демократиянын душмандары деп да атады, ал бери турсун, террористтер дегенге чейин барды.

Түркиянын НАТОдогу союздаштары АКШ менен Еврошаркет болсо жумурияттагы зордук-зобунга кыжаалаттыгын айтып, бардык тараптарды сабырдуулукка чакырышты.

Тополоң башталгандан бери кеминде төрт адам набыт болду, 5 миңдей киши жаракат алды.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG