Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Түркия жана күрттөр: жоголбогон кастык


Соңку кол салуулар түркиялык улутчулдардын ПККга каршы маанайын күчөттү. Стамбулдагы демонстрация, 9-сентябрь, 2015-жыл.
Соңку кол салуулар түркиялык улутчулдардын ПККга каршы маанайын күчөттү. Стамбулдагы демонстрация, 9-сентябрь, 2015-жыл.

Түркиянын түштүк-чыгышындагы кан төгүүлөрдү айрым баяндамачылар Анкара күрттөр менен элдешүү багытында жасаган аракеттердин толугу менен кыйрашы катары баалашууда. Буга чейин аскерлер менен ПККнын согушкерлери ортосунда жүрүп келген урушка эми башка топтор жана жайкын тургундар да кириптер боло баштаганы көңүл бурдуруп жатат.

Негизинен күрттөр жашаган Хакари провинциясындагы Чизре шаарчасында түрк армиясынын сегиз күнгө созулган комменданттык сааты учурунда өмүрү кыйылган он алты кишини 13-сентябрда акыркы сапарга узатышты.

Маркумдардын тажыясы учурунда кыжырланган күрттөр түрк армиясы жайкын калк менен согушкерлерди айырмалабай калды деп ырастап жатышты. Чизренин Хатиче Чивалдак ысымдуу тургуну "Рейтердин" кабарчысы менен маегинде төмөнкүлөргө токтолду:

- Ушунча да шермендечилик болобу? Президент Эрдоган бизге карата жасагандарды биз эч убакта түшүнө албайбыз. Анын танктары менен снаряддары бизге азап алып келүүдө. Бизде көмө албай жаткан 10-15 адамдын сөөктөрү бар. Аларды муздаткычтарда, мечиттерде кармап жатабыз. Ушул да адамкерчиликпи? Жан дүйнөбүз аңтарылып отурат. Алар бул жерди Кобаниге айлантып салышты.

Күрттөрдүн таламын талашкан Элдик -демократиялык партиянын өрттөлгөн кеңсеси. Анкара, 9-сентябрь, 2015-жыл.
Күрттөрдүн таламын талашкан Элдик -демократиялык партиянын өрттөлгөн кеңсеси. Анкара, 9-сентябрь, 2015-жыл.

Түркиялык бул күрт аял айткан Кобани - Сириянын күрттөр жашаган жана “Ислам мамлекетти” радикал тобу менен уруштарда талкаланган шаар. Чизреде коменданттык саат учурунда түрк аскерлери үй-үймө тинтүүлөрдү жүргүздү.

Шаардын Мейрам Демиркан ысымдуу экинчи бир тургуну "Рейтердин" кабарчысы менен маегинде:

- Эрдоган баарыңар ПККнын (Күрт жумушчу партиясы) мүчөсү болосуңар деп жатат. Биз андай эмеспиз. Өлгөндөрдүн баары жайкын тургундар. Балдарыбызды коргоо, Эрдоган баарыбызды өлтүрүп койбош үчүн биз окоп казып, көчөлөргө тосмолорду орноттук.

Британиянын абройлуу Economist басылмасы Түркиянын күрттөр менен араздашуусунун жаңы толкунун талдаган баяндамасында мурда аскерлер менен ПККнын согушкерлери ортосунда жүрүп келген урушка эми башка топтор жана жайкын тургундар да тартыла баштаганына көңүл бурду.

Чизре шаарчасынын айланасындагы тоолуу аймак.
Чизре шаарчасынын айланасындагы тоолуу аймак.

Басылманын пикиринде, соңку кан төгүүлөр борбордук өкмөт менен көз карандысыздыкты эңсеген күрттөр ортосундагы эки жылга созулган сүйлөшүүлөр бүткөнүн ачыктап отурат. Ал эми агрессиянын күчөшүн жана жек көрүүчүлүктү күтүүсүз деп айтууга болбойт.

Анткени былтыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда эле эки тарап тең акырындык менен согушка даярдана баштаган.

Өкмөт, маселен, жыйырма жылдан ашуун мурдагы ири кол салууларда күрт согушкерлери эң көп чабуул жасаган айыл аймактарында армиянын жаңы таяныч жайларын курду.

Согушкерлер болсо өз кезегинде тактикасын өзгөртүп, шаар жерлердеги турумун чыңдады. Шаар жериндеги уруштар менен кол салуулар түрк-күрт жаңжалы үчүн салыштырмалуу жаңы нерсе.

Түрк аскерлеринин жардырылган унаасы. Хаккари провинциясы, 7-сентябрь, 2015-жыл.
Түрк аскерлеринин жардырылган унаасы. Хаккари провинциясы, 7-сентябрь, 2015-жыл.

Маалыматтарга караганда, полицейлер менен башка күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүн бутага алган кол салууларды күрттөрдүн өзүн Патриоттук-революциялык жаштар кыймылы деп атаган тобу жасаган. Кырдаалды жеринен билгендердин айтымында, бул топ атайын машыгуудан өткөн эмес, бирок мотивациясы күчтүү. Кыймылдын мүчөлөрүнүн көбү 1990-жылдардагы оор мезгилде төрөлүшкөн.

“Жаш күрттөр абдан кыжырланган, эгер жогото турган эч нерсеси жок болсо алар токтобойт”,- деди Диярбакырдагы DITAM талдоо борборунун аналитиги Махмут Кая Economist басылмасына.

Талдоочу эгер жакын арада оң жакка жылыш болбосо, күрт проблемасын тынч жол менен жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү жабылып каларын да эскертет. Анткени, жаш муун диалогго анчалык дилгир эмес.

Түркиянын түштүк-чыгышындагы кан төгүүнүн жаңы толкуну быйыл июлда тутанып кетти. Коопсуздук күчтөрү улам жоготууга учурап жатканына ачууланган түрк бийликтери “тоолорду террорчулардан тазалоону убада кылып жатат”.

Түрк армиясы согушкерлерди кууп, коңшу Ирактын кургактагы чек арасынан кесип өткөн учурлар да болду.

Биз бул уюмду (ПКК) абдан чоң зыянга учураттык. Акыркы окуялар алар жоготуулардан улам дүрбөлөңгө түшкөнүнүн натыйжасы. Түрк армиясынын операциясы аларга алып келген жоготуулар миңдеп саналат. Биз бул топтун чек араларыбыздын ичиндеги бөлүмдөрүнө каршы иштеп жатабыз”,- деди президент Эрдоган өткөн аптада 14 полициячы жардырылгандан кийин.

Жаңжал кайра башталган июлдан бери жардыруулар менен кол салуулардан түрк коопсуздук күчтөрү 100дөй адамынан айрылды.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG