Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:15

Түркия: ири партиянын лидерлери камакка алынды


Түркиянын негизинен күрттөр жашаган Диарбакыр шаарында дүрмөттөлгөн машина полиция бөлүмүнүн жанында жарылганда кеминде 8 киши набыт кетти, жүздөн ашууну жарадар болду. Анын алдында күртчүл Элдик демократиялык партиянын 11 депутаты камакка алынган. Партия өкүлдөрү муну өлкөнү жарандык согушка түртүү аракети караты баалады.

Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым Диарбакырдагы жардыруу үчүн күрт согушкерлерин айыптады. Анын алдында юстиция министри Бекир Боздаг курман болгондордун арасында карапайым адамдар менен полициячылар бар экенин билдирген.

Бул окуя күртчүл Элдик демократиялык партиянын – HDPнын 11 депутаты, анын ичинде тең төрагалар Селахиттин Демирташ менен Фиген Юкседаг камалгандан көп узабай болду.

Коопсуздук кызматтарындагы булактар алар терроризмге каршы иликтөөнүн алкагында кармалганын маалымдашты.

Полиция 4-ноябрда эртең менен партиянын Стамбулдагы баш кеңсесинде рейд жүргүзгөн. HDP тараткан видеодо партиянын расмий өкүлдөрү менен тартип сакчылары ортосунда кайым айтышуу чыкканын көрсө болот. Күбөлөр полиция машиналары имарат жайгашкан көчөнү толугу менен жабышканын айтып беришти. Ураан чакырган бир ууч киши партия кеңсесине жакындоого аракет көрүштү, бирок тартип коргоочулар аларды коё беришкен жок.

Түркиянын Ички иштер министрлиги 13 депутатты камакка алуу ордери берилгенин кабарлады, бирок 11 эле киши кармалды.

Партиянын адвокаттары "Рейтерс" агенттигине билдиришкендей, полиция ошондой эле Селахиттин Демирташтын Анкарадагы жана Фиген Юкседагдын Диарбакырдагы үйлөрүн тинтти.

Партиянын басма сөз катчысы бүгүнкү маалымат жыйынында Айхан Билген камакка алуулардын укуктук негиздемеси жок, бул саясий иш экенин билдирди.

Өткөн жылы жалпы шайлоодо ишке ашыра албаган максатына бийликтеги партия ушундай жол менен жетүүгө аракеттенүүдө. Шайлоодо Элдик демократиялык партия 5 миллиондон ашуун добуш алган эле.

- Сөз HDP депутаттары же партия жөнүндө жүргөн жок. Кеп Түркияны жарандык согушка кириптер кылуу провокациясы ишке ашабы же жокпу? Ошондуктан биз бул кутум аракетине каршы чечкиндүү күрөшөбүз жана тынчтыкты, демократияны жактайбыз.

Айхан Билген бул окуя Түркия тарыхында кара так калтырат деп, камакка алууларга HDP “демократиялык жол менен жооп кайтарарын” айтты.

Камакка алуулар башталган жумага оогон түндөн бери бүт өлкө аймагы боюнча Твиттер, Фейсбук өңдүү социалдык тармактарга кирүү, Вотсап аркылуу байланышуу кыйла кыйындаганы тууралуу кабарланууда.

Өткөн жылы партия парламенттик шайлоодо марага үчүнчү болуп келип, биринчи жолу мыйзам чыгаруучу органга кирген. 550 орундуу парламентте HDPга 59 мандат тийген. Депутаттар Түркияда адатта кол тийбестикке ээ, бирок күртчүл партиянын иммунитети быйыл алып салынган.

Анкара бийлиги партиянын тыюу салынган Күрттөрдүн жумушчу партиясы – PKK менен байланыштары бар деп келатат. HDP болсо айыптоолорду четке кагууда.

Күрттөрдүн жумушчу партиясынын жикчилери 30 жылдан ашуун убакыттан бери кеңири автономия үчүн күрөшүп келатат. Партия Түркия, АКШ жана Евробиримдик тарабынан террордук уюм деп таанылган.

Июль айында ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүш аракетинен кийин Түркияда чукул кырдаал абалы сакталып келатат.

XS
SM
MD
LG