Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Москва Анкаранын кепке келүү сунушун четке кагууда


Түркия орус учагын атып түшүргөн соң башталган Москва менен Анкаранын бири-бирин айыптоолору соңку күндөрү кайра күчөп кетти.

Орус президенти Владимир Путин Түркия “Ислам мамлекети” тобу менен жүргүзгөн кирешелүү мунай соодасын коргоо үчүн Орусиянын аскерий учагын атып түшүрдү деп Анкараны дагы бир жолу айыптады. Путин бул тууралуу 30-ноябрда климаттын өзгөрүшү боюнча Париждеги саммиттен кийинки маалымат жыйынында билдирди:

- "Ислам мамлекети" жана башка террордук топтор көзөмөлдөп турган жерден эбегейсиз көлөмдө, өнөр жай масштабында өндүрүлгөн мунай Түркиянын аймагына келип түшөт. Биздин учакты атып түшүрүү чечими ошол мунайды Түркия аймагына алып өтчү жолдордун коопсуздугун камсыздоо максатын көздөгөн деп айтууга негиз бар. Ал мунай деңиз портуна жеткирилип, ошол жерден танкерлерге жүктөлөт.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган мындай айыптоолорду буга чейин деле “ушак” деп атап келген эле. Ал Путиндин бул сөзүнөн кийин ошол эле Париждеги саммит учурунда журналисттерге эгер Түркия “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлеринен мунай сатып алганы далилденсе кызматтан кетерин айтып чыкты.

"Эгер бул далилденсе, биздин улуттук намыс менин кызматта турушума жол бербейт. Биз согушкерлерден мунай сатып алгыдай анчалык деле кыянатчыл эмеспиз. Эгер андай айыптоолор далилденсе мен кызматтан кетүүгө даярмын. Эгер кандайдыр бир далилдери болсо көрсөтүшсүн, карап көрөлү", - деди Эрдоган журналисттерге.

Москва менен Анкаранын мамилеси 24-ноябрда Түркия Орусиянын Су-24 аскерий учагын атып түшүргөндөн бери кескин начарлап кетти. Эки тарап ошондон бери бири-бирин айыптап келет.

Түркия орус учагы он жолу берилген эскертүүгө карабай Түркиянын аба мейкиндигине өтүп кеткенден кийин түрк аба күчтөрү тарабынан атып түшүрүлгөнүн, Түркия өз аймагын коргоо укугун колдонгонун билдирсе, Москва болсо учак Сириянын аймагынан ары өтпөгөнүн айтып келет.

Бирок орус учагы Түркия чек арасынан өтүп кеткенин башка булактар да ырастоодо. Маселен, АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы орус учагынын Түркиянын аба мейкиндигин бузуусунун далили катары учактын түтүнү Түркияда калышын көрсөткөн.

АКШнын НАТОдогу өкүлү Дуглас Лут да ушундай эле пикирди айтты:

- АКШнын маалыматтары да бул окуя боюнча Түркия версиясын ырастайт. Орус учагы Түркиянын аймагына өтүп кеткен. Ага бир канча жолу эскертүү беришкен. Бул Түркия аба мейкиндигин бузган биринчи орус учагы эмес.

АКШнын НАТОдогу өкүлү ошондой эле орус учактарынын түрк аба мейкиндигин бузуп кирүүсүн “өтө опурталдуу, керексиз жана жоопкерсиздик” деп атады

Путиндин Түркия Сириядагы “Ислам мамлекети” тобунан мунай алып жатат деген айыптоосун бүгүн түрк премьер-министри Ахмет Давутоглы да негизсиз деп айтып чыкты. Ал Орусия Түркиянын аба мейкиндигин бузганын жашырууга аракеттенип жатканы үчүн айыптап, Москваны аскерий жана дипломатиялык каналдар боюнча түз сүйлөшүүгө чакырды:

- Биз Орусияны ачык диалогго дагы бир жолу чакырабыз. Келгиле, мындай чатактар кайталанбашы үчүн, алака-катышты оңдоо үчүн аскерий жана дипломатиялык каналдарды ачалы. Ийри отуруп, түз сүйлөшүү менен мындан да чоң кризистин алдын алалы.

Бирок түрк тараптын сүйлөшүү сунушун Москва башынан эле четке кагып, Анкара расмий түрдө кечирим сурашын талап кылып келатат. Маселен кечээ башталган Париж саммитинин алкагында түрк президенти Эрдоган Путин менен өз ара жолугушуп, көзмө-көз сүйлөшүү ниетин билдирген. Мындай сунушту кескин түрдө четке каккан Путин ошол эле учурда АКШ президенти Барак Обама, Германия канцлери Ангела Меркел жана башка лидерлер менен жолугушкан.

АКШ президенти Барак Обама бүгүн Париждеги саммит учурунда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолуккан соң Түркиянын өзүн коргоо укугун колдогонун билдирди. Обаманын айтымында, ал Эрдоган менен Түркия жана Орусия чыңалган кырдаалды жөнгөрүп, маселени чечүүнүн дипломатиялык багытын табууда кантип бирге иштешүү жолдорун талкуулаган.

Бирок кескин начарлап кеткен Түркия – Орусия алакасынын кийинки абалы, тараптар кантип жана качан тил табышары азырынча белгисиз бойдон.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG