Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Түркия: Рейханлы трагедиясы жоопсуз калбайт


Түркия менен Сирия Рейханлы трагедиясы үчүн бири-бирин айыпташууда. 11-майда Сирия менен чек арага жакын жердеги Рейханлы шаарында болгон кош жардыруу 46 бейкүнөө адамдын өмүрүн алып кеткен. Түрк бийлиги анын артында Сирия режими турат деп күнөөлөп жатат.

Көз жашка баткан Рейханлы шаары кечээ кол салуунун курмандыктары менен коштошуп жатты.

“Кайненесине белек алам деп дүкөнгө чыккан 40 жаштагы Кадрие Алйяр почтанын жанында жарылган бомбадан жан берди. Энелер күнүндө чүрпөдөй 7 бир тууган жетим калды. Кичүү эгиздери 9 айга толо элек”, - деп жазат “Хүрийет” гезити.

8-класста окуган 14 жаштагы Абдулдакир Ишчан болсо үй-бүлөсүнө бир аз жардам болсун деп, мектептен кийин наабайканада иштечү экен. Ал да ишемби күнкү теракттан бөөдө ажал тапкан 46 бейкүнөө кишинин тизмесине кирип калды.

Алардын жакындары боздоп жаткан кезде Түрк бийликтери терактка байланыштуу түркиялык 9 жаран кармалганын билдиришти. Маалыматка караганда, алар кол салууларга катышканын моюнга алышты.

Дамаск режими болсо чабуулдарды уюштурган деген дооматты четке кагууда жана кошуна өлкөнүн өкмөт башчысы сириялык жана түркиялык жайкын адамдардын өлүмүн өзүнө упай топтоо үчүн пайдаланууда деп сындап, аны кызматтан кетүүгө чакырды.

Түрк премьери Режеп Таип Эрдоган жардырууларга жооп кайтарылаарын айтып, ошол эле маалда өлкө Сириядагы жаңжалга кириптер болуудан карманат деп белгиледи:

- Түркияга зыян алып келем дегендер эртедир-кечтир ал үчүн төлөшөт. Улуу мамлекеттер суук кандуулук менен аракеттенишет. Улуу мамлекеттер аларга жасалган чабуулдун мизин эки эсе күчтүү кылып кайтарышат. Бирок ал өз убактысы келгенде жасалат. Эч ким күмөн санабай эле койсун: Рейханлыда шейит кеткен бир туугандарыбыздын, Сирияда шейит кеткен дээрлик жүз миңдей бир тууганыбыздын төгүлгөн каны үчүн жооп беришет.

Эрдоган НАТОнун мүчөсү болгон Түркия кандай жооп кайтараарын тактаган жок.

Хатай чөлкөмүндө орун алган Рейханлыда уруштан качкан миңдеген сириялык баш пааналайт. Түркия 2 жылдан бери уланып келаткан жаңжалда козголоңчуларды колдоп, президент Башар Асадды кызматтан кетүүгө үндөп келатат.

Сириянын маалымат министри Омран ал-Хоаби “Сирия мындай нерсени эч качан жасабайт эле” деп, жардыруулардын артында Дамаск өкмөтү турат деген айыптоолорду четке какты. САНА маалымат агенттиги министрдин: “Ал окуя үчүн чек ара аймагын эл аралык терроризмдин очогуна айландырып алган түрк өкмөтү жооптуу” деген сөздөрүн келтирет.

Түркиянын ички иштер министри Муаммер Гүлердин маалыматына ылайык, тергөөчүлөр терактты Сириянын чалгындоо кызматы менен түздөн-түз байланышы бар топ ишке ашырган деп шектенишет.

Тергөөчүлөр аткезчилик жол менен алынып келген жардыргыч заттар жашыруун бөлүктөр менен жабдылган машинелерге катылганын аныкташкан.

- Жардыруучу материалдар Хатай чөлкөмүнөн мыйзамсыз жол менен алынып келген. Машинелер да ошол жактан жеткирилип, кайсы бир адамдардын атынан машине оңдогон жайга берилген. Ал жерде бомба ката турган жашыруун жайлар жасаттырылган. Кылмышкерлерге жардам берген адамдар машинелерди ремонттон алып кетип, жардыруулар болгон жерлерге чейин айдап барышкан.

Түркиянын вице-премьер-министри Бешир Аталай кол салгандар түрктөр менен сириялык качкындар ортосунда кастык орнотууну көздөшкөнүн билдирди.

Тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу болсо, жардыруулардын АКШ менен Орусия Сириядагы жаңжалды дипломатиялык жол менен жөнгө салуу боюнча жаңы демилгесин сунуш кылган учурга дал келгенин белгилейт.

Бул эки өлкө Сириядагы окуялар боюнча эки башка позицияны ээлеп келатат. Вашингтон козголоңчуларды колдосо, Москва Башар Асад режиминин бир ууч өнөктөштөрүнүн арасына кирет.

Ал ортодо Сириядагы адам укуктарына байкоо салган оппозициячыл борбор, жаңжал башталган 2011-жылдын март айынан бери кеминде 82 миң киши мерт кеткенин билдирди. Бул санды көз каранды эмес булактар тастыктай элек.

XS
SM
MD
LG