Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:48

Эрдоган: Түркия Cирия күчтөрүнүн ондогон жоокерин жок кылды


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган. 3-февраль, 2020-жыл. Стамбул.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган. 3-февраль, 2020-жыл. Стамбул.

Сириянын түндүк-батышындагы атышууда түрк аскерлери Башар Асаддын армиясынын ондогон жоокерлерин жок кылды. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Украинага баратып Стамбул аэропортунан билдирди. Ал түрк тарап бул кадамга Сириянын армиясы алты түрк аскерин атып өлтүргөн соң барганын билдирди. Маалыматты Сириядагы адам укуктарын көзөмөлдөгөн обсерватория да бышыктап, өкмөттүк күчтөрдүн 13 аскери жок кылынганын кабарлады. Эрдоган ошондой эле Дамасктын негизги союздашы Москваны бул тирешүүгө кийлигишпөөгө чакырды.

Орусиянын көмөгү менен Сириянын өкмөттүк күчтөрү Идлиб провинциясына өткөн жылдын соңунда абадан сокку ура башташкан. Башар Асадга каршы оппозициянын акыркы таянычы деп саналган бул провинциянын тургундарынын көбү чабуулдан улам Түркия менен чек аралаш аймакты көздөй качып чыгууга аргасыз болушту.

Буга чейин 3,5 миллиондой сириялык качкынды кабыл алган Анкара Идлибдеги чабуулдардан улам алардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн деп кооптонуп турат.

XS
SM
MD
LG