Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:21

Түркия террорго каршы күрөштү күчөтөт


Стамбулдун жардыруу жасалган аянты. 12-январь, 2016-жыл.
Стамбулдун жардыруу жасалган аянты. 12-январь, 2016-жыл.

Түркия бийликтери Стамбулдун тарыхый борборундагы жардырууну сириялык жанкечти жасаганын аныкташты. Расмий Анкара теракт деп атаган жардыруудан кеминде он адамдын өмүрү кыйылды. Бийликтер жардыруу үчүн “Ислам мамлекети” тобун айыптоо менен террорго каршы күрөштү буга чейинкиден да күчөтүүнү убада кылышууда.

Стамбулдун тарыхый борборунда жана туристтер көп жүргөн Султан Ахмет районунда 12-январдагы жардыруудан кийин премьер-министр Ахмет Давутоглу күч түзүмдөрүнүн, чалгын кызматтарынын башчыларын чукул жыйынга чогултту. Ал эми теле жана радио боюнча өкмөт алдындагы кеңеш премьердин талабынан кийин жардырууну көргөзүүгө убактылуу тыюу салды.

Өкмөт бул үчүн улуттук коопсуздук жана коомдук тартип ыктымал коркунуч алдында калганда мына ушундай чарага жол берген мыйзам жобосун колдонду. Бирок алардын чечими дароо эле сынга кабылды.

Премьер-министр Ахмет Давутоглу өзү өкмөт жыйынында сүйлөп жатып, “Ислам мамлекети” тобуна жана башка террордук уюмдарга каршы күрөш күчөтүлөрүн убада кылды:

- Бул кол салууну жасаган ДАИШке (“Ислам мамлекети” тобунун арабча аты - ред.) каршы биздин күрөш уланары анык. Биз бул күрөштө артка чегинбейбиз. ДАИШке, башка террордук уюмдардын баарына каршы биздин күрөш чечкиндүүлүк менен уланат. Бул кол салууну даярдагандар менен алардын байланыштары табылып, татыктуу жазасын алышат. Биз глобалдык тилектештикти көрсөтүшүбүз абзел. Мен эл аралык коомчулукка кайрылат элем. Биз бүгүн туш келген террордун негизги булактарынын бири – Сирия жана андагы коопсуздуктун жоктугу. Түркия мындай кырдаалдан эң көп жабыр тарткан өлкөлөрдүн бири.

Түркиянын вице-премьери Нуман Куртулмуштун айтымында, жардырууну жасаган жанкечти 28 жаштагы сириялык болуп чыкты.

Стамбулда жардыруу болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:20 0:00

Курмандыктардын көбү немистер

Өмүрү кыйылган он адамдын баары чет элдиктер, жаракат алган он беш кишинин арасында Түркиянын жарандары да бар.

Стамбулдун тарыхый борборундагы жардыруунун курмандыктарынын көбү, же тактап айтканда сегизи немистер экени билинген соң премьер Ахмет Давутоглу жана президент Режеп Тайып Эрдоган Германия канцлери менен телефондон сүйлөшүштү. Канцлер Ангела Меркел Берлинден билдирүү жасаган кезинде:

- Терроризм бүгүн Стамбулга сокку урду. Ага чейин Париж, Копенгаген, Тунис жана башка жерлер бутага алынган эле. Эл аралык терроризм кол салуу үчүн жер тандап турат, бирок максаты бир эле. Террорчулар Францияда, Түркия, Германияда, Сирияда болбосун эркин адамдардын жана жалпы эле адамзаттын душманы. Бирок террористтерге каршы турууда дал ушул эркиндик жана биздин эл аралык өнөктөштөр менен тилектештик үстөмдүк кыла алат.

Стамбулдагы жардыруудан кийин немис Тышкы иштер министрлиги өлкө жарандарын Түркияга коопсуздук эрежелерин сактоого, эл котологон жерлерден качууга чакырды.

Түркия немистер эң көп барган өлкөлөрдүн бири. Германиянын саякат ассоциациясынын эсебинде, былтыр 5,2 миллион адам эс алуусун Түркияда өткөрүшкөн.

Стамбулга чейин Анкара

Стамбулга чейин былтыр октябрда Анкарада эки жанкечтинин жардыруусунан 103 кишинин өмүрү кыйылган эле. Бийликтер бул чабуулду да “Ислам мамлекети” тобунан көрүшкөн.

Ал эми жаңы жылдын жуп алдында Анкаранын борбордук Кызыл ай аянтында өзүн жардырууну көздөгөн эки адам камакка алынганы, алар да “Ислам мамлекети” тобунун мүчөлөрү экени жарыяланган.

Анкарадагы жардыруудан кийин өкмөттү күнөөлөгөн демонстрация өткөн. 11-октябрь, 2015-жыл.
Анкарадагы жардыруудан кийин өкмөттү күнөөлөгөн демонстрация өткөн. 11-октябрь, 2015-жыл.

Былтыр күздөн бери түрк коопсуздук күчтөрү өлкө аймактарында “Ислам мамлекети” тобунун ыктымал очоктору бар делген жерлерде жана мүчөсү деп шектелгендерге каршы бир нече операцияларды өткөрүштү.

Бул операциялар өлкөнүн түштүк-чыгышында Күрд жумушчу партиясы – ПККнын согушкерлери менен уруш кайра күчөгөн учурга туш келди.

ПКК өз тарабынан түрк коопсуздук күчтөрүн ИМ тобу менен кызматташып жатканы үчүн айыптаган. Түрк армиясынын кечээги билдирүүсүнө караганда, 15-декабрдан бери эле ПККнын 600гө жакын “террорчусу” жок кылынды.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG