Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:42

Чек арада 25 түркмөн жоокери окко учту


Түркмөнстандын жоокерлери ооган-түркмөн чек арасындагы машыгууда (сүрөт качан тартылганы белгисиз)
Түркмөнстандын жоокерлери ооган-түркмөн чек арасындагы машыгууда (сүрөт качан тартылганы белгисиз)

“Азаттык” радиосунун түркмөн кызматынын кабарчылары ооган-түркмөн чек арасындагы куралдуу кагылышта 25 жоокер курман болгонун маалымдашты. Бирок андай кабарды түркмөн бийлигине жан тарткан "Turkmenportal" басылмасы жокко чыгарды. Ооган тарап чек арада кырдаал курчуп баратканын маал-маалы менен билдирип турат.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын жергиликтүү кабарчысынын маалыматына караганда, бир апта мурда Мары - Серхетабат - Тагтабазар чек ара тилкесиндеги атышууда 25 түркмөн жоокери окко учкан.

Ооганстандын Бахдис провинциясы Түрмөнстандын Мары вилаети менен чектешет. «Азаттыктын» кабарчысы чек арада курман болгон жоокерлердин үчөө Балкан вилаетинен, көпчүлүгү Дашогуздан экенин тактады. Жоокерлердин үй-бүлөлөрү темир табыттарды алышкан, бирок сөөктү көрүүгө уруксат берилген эмес.

Жергиликтүү журналист курман болгон дашогуздук жигиттердин аты-жөнүн билсе да коопсуздук чараларынан улам редакция аларды жарыялабай турууну туура көрдү.

«Чек аранын ооган тарабынан мыйзамсыз баңгизат ташууга шектелгендердин аткан огунан үч түркмөн аскери мерт кеткен. Андан кийин гарнизондогу аскерлерге күжүрмөн даярдыкка келүүгө тапшырма берилип, каршы тарап менен атышуу башталган. Алты саатка созулган кармашта түркмөндөрдүн ондогон жоокери жарадар болуп, 25и окко учту» деп билдирди «Азаттыктын» жергиликтүү кабарчысы.

Журналисттин сөзүнө караганда, түркмөн бийлиги аскерлердин туугандарына «эч кимге ооз ачпагыла» деп катуу эскерткен.

Түркмөнстандын расмий бийлиги дагы курман болгондор жөнүндө эч кандай маалымат чыгарган жок. Ошондой эле ооган тарап дагы ооз ачпады.

Чек арадагы куралдуу кармаш жөнүндө “Азаттыктын” түркмөн кызматынын сайтына макала жарык көргөн соң өкмөттү колдогон “Turkmenportal” сайты аны “жалган маалымат” деп билдирди.

“Үстүбүздөгү жылы Түркмөнстандын аскер күчтөрүндө эч кандай адам өмүрүн алган окуя болгон жок. Ооганстандын Бахдис провинциясы менен жанашкан чек арада 2018-жылы ооган тараптан келген куралдуу топтор менен кагылыш болгон жок”, – деп маалымдады басылма.

Адатта Ашхабад чек арадагы кырдаалды ачык талкуулабайт, мамлекеттик маалымат каражаттары дагы чагылдырбайт.

Амударыясынын жээгиндеги ооганстандык түркмөндөр
Амударыясынын жээгиндеги ооганстандык түркмөндөр

Ооганстандын Түркмөнстан менен чектеш аймактарында кырдаал кескин курчуп кеткендиктен, жергиликтүү тургундар, алардын ичинде миңдеген түркмөндөр соңку кезде үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болушканы маалым.

Түркмөн редакциясынын Ооганстандагы кабарчысы Шамердангулы Мырады чек аралаш аймакта куралдуу кагылыштар менен катар эле маңзат саткан топтор күчөгөнүн белгилейт.

"Жергиликтүү бийлик согушкерлер баңгизат соодасын жүргүзгөндөр менен бирге аралашып жүргөнүн билдирген. Согушкерлер алардан салык алып турушат. Акыдан кутулуу үчүн баңгизат аткезчилери жоочуларга коңшу өлкөлөргө өтүп кетүүсүнө жардамдашат”, – деди журналист ооган бийлигинин маалыматына таянып. Ушул тапта Ооганстандын түндүк батышын 20га чукул куралдуу топтор байырлайт.

Ооганстан менен Түркмөнстандын чек ара тилкеси
Ооганстан менен Түркмөнстандын чек ара тилкеси

2014-жылдын кышында чек арада үч түркмөн жоокери курман болгон. Ошол эле жаздагы дагы бир куралдуу кагылыштан кийин Түрмөнстандын тышкы иштер министри Решит Мередов Кабулга барып, чек арадагы коопсуздукту ооган өкмөтү менен сүйлөшкөн.

Эки жыл мурун «Түркмөнстандын алтернативдүү жаңылыктары» басылмасы чек арада 27 аскер мерт болгонун жазган.

Былтыр жайында «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматынын өлкөнүн Коргоо министрлигиндеги булагы Иран, Ооганстан менен чектеш жерде «Ислам мамлекети» экстремисттик уюмунун төрт согушкери колго түшкөнүн билдирген.

Түркмөнстандын Ооганстан менен чек арасы 744 чакырымга барабар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG