Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:17

Түркмөн түрмөсүндөгү туткундардан дайын жок


Amnesty International былтыр декабрдагы парламенттик шайлоонун алдынан Ашхабадды адам укуктарынын начар көрсөткүчү үчүн катуу сындаган.
Amnesty International былтыр декабрдагы парламенттик шайлоонун алдынан Ашхабадды адам укуктарынын начар көрсөткүчү үчүн катуу сындаган.

Жума күнү Венада Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюму дал ушул Түрмөнстандагы саясий туткундардын абалын караган талкуу өткөрдү.

Ал жыйынга “Азаттыктын” түркмөн редакциясынын директору Мухаммад Тахир да катышкан эле. Ал телефон аркылуу Венадан суроолорго жооп берип жатып, бул жыйында эч кандай конкреттүү адамдардын саны же алардын бүгүнкү абалы тууралуу так маалымат айтылбаганын билдирди.

- Канча киши азыр саясий себептерден түрмөдө жатканы өңдүү эч кандай далил же жаңы маалымат бул жерде айтылган жок. Талкууда орусиялык, америкалык жана айрым түркмөн укук коргоочулар 2002-жылы президент Сапармурат Ниязовдун өмүрүнө кол салууга катышкан деген айып менен камалган саясий туткундардын абалына көңүл бурдурууга аракет кылышты. Талкууда айтылгандай, камалгандардын ден соолугу, каерде кармалып турганы, өлүү-тирүүсү белгисиз.

Мухаммад Тахир Венадагы талкууда каралган 2002-жылкы окуя үчүн камалгандар эле эмес, дегеле өлкөдө канча саясий туткун бар экени тууралуу да эч кимде так маалымат жок экенин белгиледи.

- Канча адам түрмөдө отурганы белгисиз. Менде андай маалымат жок, азыр эч кимде деле жок окшойт. Анткени эч ким түркмөн түрмөсүнүн ичине кирип көргөн жок да. Ошол себептүү азыр эл аралык коомчулук түркмөн бийликтеринен өлкөгө, андагы түрмөлөргө кирүүгө уруксат сурап келатат. Азырынча уруксат бериле элек, - деди Венадан “Азаттыктын” түркмөн редакциясынын директору Мухаммад Тахир.

Бул талкуу болгон күнү Ашхабаддан президент Гурбангулы Бердымухаммедов түрмөдөгү жүздөгөн кишиге мунапыс жарыялаганы тууралуу кабар тарады.

Жергиликтүү маалымат булактарынын билдиришинче, мунапыс 19-февралда белгиленчү Мамлекеттик туу күнүнүн урматына берилди. Мурдагы президент Сапармурат Ниязов жыл сайын орозо маалында абакта отургандарга мунапыс жарыялачу.

Ал эми азыркы мамлекет башчы Бердымухаммедов мамлекеттик майрамдардын алдында мунапыс берүүнү салт кылып алган. Ал 1-декабрь “Бейтаптык күнүн” утурлай абакта отурган 630 адамга мунапыс берген болчу. Бирок азыр мунапыс алчулардын катарында саясий себептер менен камалгандар да болору же болбосу белгисиз.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG