Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:49

Түркмөнстанда "Азаттыктын" кабарчысы камалды


Ровшен Язмухамедов
Ровшен Язмухамедов

30 жаштагы кабарчы Ровшен Язмухамедовду милиция эмне себеп менен кармаганын түшүндүрө элек.

Язмухамедовду полиция чыгыштагы Түркмөнабад шаарында камакка алган. "Азаттыктын" түркмөн редакциясында былтыр сентябрдан тарта иштей баштаган Ровшен көбүнчө социалдык проблемалар жөнүндө жазчу.

Кабарчынын апасы Парча Язмухамедова бейшембиде бизге сүйлөп жатып, уулунун апта башында кармалган учурун сүрөттөдү.

"Ровшен 6-майда түштөн кийин үйдөн чыгып кеткен бойдон келбеди. Мен аны түн бир убакка чейин күтүп отурдум. Эртең менен да келген жок. Анан алар өздөрү мага чалып калышты. Прокурор менден Ровшендин паспортунун көчүрмөсүн алып келишимди сурады. Уулум алар менен экен. Ал жакка барганда мен сыртта күтүп турдум, анан алар мени чакырышты. Ошол жерде мага уулумду көрсөтүштү", - дейт Парча Язмухамедова.

Бийликтер Язмухамедов эмне себеп менен камалганын азырынча түшүндүрө элек. Ал кармалып турган СИЗО Ички иштер министрлигинин №6 дирекциясына карайт, бул башкармалык адатта уюшкан кылмыштуулук жана терроризм менен байланышкан иштер менен алектенчү.

Журналисттин жакын туугандарынын айтымында, Түркмөнстандын коопсуздук кызматтары аны буга чейин бир нече жолу опузалашкан.

Ал арада Язмухамедовдун апасы анын үйүнүн айланасына бийликтер камераларды орнотуп жатышканын кабарлады.

"Алар эртеден бери камераларды орнотуп жатышат, эмнеге антип жатышат – билбейм", - деп ыйлап жатты бизге телефон аркылуу сөзүндө камалган журналисттин апасы Парча Язмухамедова.

“Азаттыктын” кабарчылары Түркмөнстанда буга чейин да камакка алынган учурлар болгон. 2006-жылы июнда Огулсапар Мурадованы “курал сактаган” деп айыптап, августта эки саатка созулган жабык сотто алты жылга түрмөгө кесишкен.

Бирок арадан бир ай өтпөй жатып анын туугандары Мурадова түрмөдө каза болгонун угушат.

Соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгына караганда, ал башынан жеген катуу соккудан өлгөн экен. Бирок бул экспертизанын жыйынтыгын бийликтер журналисттин туугандарына көрсөтүшкөн эмес.

2011-жылдын күзүндө “Азаттыктын” түркмөн кызматынын дагы бир кабарчысы Дөөлөтмурат Язкулиев “башка бирөөнү жанкечтиликке үндөгөн” деген айып менен беш жылга түрмөгө кесилген.

Язкулиев өзүнүн бир тууган агасынын үйүндөгү чыр боюнча айыпталган эле. Бирок журналисттин туугандары анын бул чырга эч кандай тиешеси жоктугун айтып, кабарчыга каршы ачылган кылмыш иши анын журналисттик ишмердүүлүгү менен байланыштуу деп билишерин айтышкан.

Түркмөнстан - дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн бири. Өкмөт чет өлкөлүктөрдүн Түркмөнстанга келишин катуу көзөмөлдөп чектейт, өзүнүн жарандарын болсо мүмкүн болушунча чет өлкөлөргө чыгарбайт.

Жумурияттагы бардык маалымат каражаттары өкмөт тараптан катуу көзөмөлгө алынган.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG