Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:27

Түркмөн парламентине шайлоо кандай өттү?


Ашхабаддын жака белиндеги Кыпчак айылындагы добуш берүү, 15-декабрь, 2013.
Ашхабаддын жака белиндеги Кыпчак айылындагы добуш берүү, 15-декабрь, 2013.

Түркмөнстанда жекшембиде парламенттик шайлоо өттү. Анда алгач ирет өлкө тарыхында Межилиске бир эмес, эки партия ат салышты.

Анткен менен байкоочулар шайлоо реалдуу тандоонун жоктугу менен белгиленгенин, эки партия тең президент Гурбангулы Бердымухаммедовдун саясатын колдой турганын айтышууда.

Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, парламенттик шайлоого катышкандардын саны 91% ашты. Азырынча алдын-ала жыйынтык чыгарыла элек, добуштар саналып жатат.

Президент Гурбангулы Бердымухаммедов добушун Ашхабаддын Гунеш (Күнөстүү – ред.) деген шайлоо участкасында өзүнүн аты-энеси менен бирге берди.

- Бүгүн биз Түркмөнстандын парламентин тандап, үлкөн саясий жараянды баштан кечирип жатабыз. Албетте, шайлана турган депутаттар шайлоочулардын ишенимин актайт деген терең ишеничтемин, - деди Бердымухаммедов.

Быйылкы шайлоонун өзгөчөлүгү – алгачкы ирет парламентке президенттин “Демократиялык партиясы” гана эмес, “Өндүрүшчүлөр жана ишкерлер партиясы” да катышканында. Анын үстүнө, Межилисти шайлоого Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын делегациясы да алгачкы жолу көз салды.

Шайлоо айрым көз боёмочулуктар, мыйзам бузуулар менен өткөнүн “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчылары билдирип жатышат. Лебап провинциясындагы кабарчыбыз Осман Халлыев өзү барган шайлоо участкаларындагы жагдай тууралуу айтып: “Мен алгач өзүм добуш берген участканы, андан ары 10го жакын шайлоокананы кыдырып көрдүм. Адамдар активдүү катышканы байкалбайт. Бирден, экиден шайлоочулар келип турушат. Адаттагыдай эле, эл шайлоого активдүү катышканы сезилбейт, - деди. - Ар бир участкада ырчылардын катышуусунда концерттер өттү. Айрым добушканалар таңкы саат 4:00 эле ачылып, таң атпай ыр-күүлөр башталган. Адамдар мунун айынан уйкудан калышканын айтып даттанышты".

Улуттук кийимчен түркмө аял добуш берип жатат, Ашхабад, 15-декабрь, 2013.
Улуттук кийимчен түркмө аял добуш берип жатат, Ашхабад, 15-декабрь, 2013.
Ал эми баш калаа Ашхабадда иштеген кабарчыбыз Мурат Гурбанов: "Мен шаардагы №53 мектепте, Махтумкули атындагы университетте, мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун жана Айыл чарба институтунун имараттарындагы шайлооканаларда болдум, - деди. - Мен сүйлөшө алган көпчүлүк шайлоочулар эки-үч паспорт менен келип, өзүнүн үй-бүлө мүчөлөрү үчүн да добуш беришкенин айтышты. Керек болсо, паспортсуз келип деле үй-бүлө мүчөлөрү үчүн добуш берсе болорун билдирип жатышты".

Түркмөнстандын бир палаталуу парламентине – Межлиске – 125 депутат тандалат. Бул жолку шайлоого 280 талапкер катышты. Алардын көпчүлүгү президент Бердымухаммедовдун саясатын колдойт. Добуш берүүнүн алдында Amnesty International уюму түркмөн бийликтерин адам укуктарын одоно бузуп, жарандарды “репрессияга” тартып жатат деп сындаган.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG