Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:08

Назарбаев Москвага "жан тартпайт"


Нурсултан Назарбаев менен Украина президенти Петро Порошенко.
Нурсултан Назарбаев менен Украина президенти Петро Порошенко.

Бүгүн Украинага Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев келди. 21-декабрда Киевге Беларус президенти Александр Лукашенко келип кеткен. Байкоочулар бул визиттерди постсоветтик өлкөлөрдүн лидерлеринин Кремлдин агрессивдүү саясатынан оолактоо аракети катары баалашууда.

Нурсултан Назарбаев, Интерфакс агенттигинин маалымдашынча, президент Порошенко менен болгон кездешүүдөн кийин Украина жана Орусияны өз ара мунаса таап, Украинанын аймактык бүтүндүгүн сактоого үндөдү.

Президент Назарбаев Киевге аттанардан бир күн илгери (21-декабрда) Астанада казакстандык журналисттер менен кездешүүдө Чыгыш Украинадагы чатакты жөндөөгө арачылык кылып жатканын билдирген:

- Азыр бардык тараптардын милдети - бул согушту токтотуу, Украинанын күнкорсуздугун бекемдөө, территориялык бүтүндүгүн таануу, бул жөнүндө бүгүн орусиялык жетекчилер да айтууда, жана сүйлөшүүгө отуруу. Мен ушул иш менен алекмин.

Нурсултан Назарбаев Казакстан Орусияга да, Украинага да бирдей мамиле кыларын, бир да тарапты колдобосун баса белгилеген. Анын айтымында, Украина, Орусия жана Евробиримдик Донбасстагы жаңжалды токтотуу боюнча бир бүтүмгө келиши абзел. Ал үчүн: “Минск келишимине ылайык, согушту токтотуп, туткундарды бошотуп, Чыгыш Украинаны калыбына келтирүүгө көмөктөшүү, тилдердин макамын аныктоо жана башка иштерди аткаруу керек”, -деди Назарбаев.

Нурсултан Назарбаев.
Нурсултан Назарбаев.

Беларус президенти Александр Лукашенко да 21-декабрда Киевде болгондо Донбасстагы коогалаңды тынч жол менен теске салууга мындан ары да арачы болууга даяр экенин айткан. “Беларустан бир нерсе керек болсо, айткыла. Биз сураганыңардын баарын бир суткада жасайбыз”, - деген Лукашенко Украин лидерине кайрылып.

Петро Порошенко өз кезегинде Беларустун Украинанын эгемендигин колдогонуна өзгөчө ыраазычылык билдирди:

- Мен Беларус биздин өлкөнүн суверендүүлүгүн, территориялык бүтүндүгүн жана өз алдынчалыгы боюнча позициясын ачык айтканы үчүн алкыш айткым келет. Ар убак бекем позицияда турганыңыз, анын ичинде 2-ноябрда Донецк жана Луганск облустарында болгон жасалма шайлоону тааныбаганыңыз үчүн сизге аябай ыраазымын.

Беларус жана Казакстан Орусия башындагы Бажы биримдигине жана Евразия экономикалык биримдигине мүчө. Мындай жагдайда Лукашенко менен Назарбаевдин Украинанын бүтүндүгүн ачык колдоосу, кээ бир серепчилердин пикиринче, аларда Москванын жетегинде болуу ниети жок экенин жана алардын Евразия экономикалык биримдигинин болочогуна анча ишенбегендерин жышааналайт.

- Эки жак тең Украинанын территориялык бүтүндүгүн колдогон өтө түз билдирүү жасашты. Бул билдирүүлөрдө ишаралары көп. Орусиянын орбитасында калууну каалбаган эбегейсиз эрктин белгиси бар,- дейт эл аралык эксперт Тарас Чорновил.

Беларус президенти Александр Лукашенко менен Украина президенти Петро Порошенко.
Беларус президенти Александр Лукашенко менен Украина президенти Петро Порошенко.

Киевдик талдоочу ошол эле мезгилде Украина өкмөтү сүйлөшүүлөр мындан ары Минскинин ордуна Астанада өтүүсүнө анча кызыкдар эмес деп боолгойт. Ошон үчүн Назарбаевдин арачы болуу ыкласы канчалык реалдуу, ал белгисиз.

Киевдеги Жакынкы Чыгыш изилдөөлөр борборунун жетекчиси Игорь Семиволостун оюнча, Назарбаевдин визити Кремлдин ураин маселесинде союздаштарына таянуу ниети акталбаганын күбөлөйт:

- Назарбаев - бул саясатчы. Анын сөзүнө Путин олуттуу мамиле кылат. Назарбаевдин Киевдеги визити Орусиянын союздаштарын бириктирүү саясаты жарака бергенин тастыктайт.

Москвалык эксперт Алексей Макаркиндин Интерфакс агенттигине айтышынча, расмий Киевдин Беларус жана Казакстандын президенттери менен байланышынын активдешүүсү, Украин кризисинде Астана менен Минскинин бейтарап болуу ыкласын билгизет. "Себеби, Беларус жана Казакстан Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна жана ЕАЭСке мүчө экенине карабай, Орусия маанилүү маселелерде алар менен кеңешпегенине нааразы. Ошон үчүн Беларус жана Казакстандын лидерлери Украин кризисинде бейтарап болууну оң тапкан",- деп боолгойт Москвадагы “Саясий технологиялар” фондунун вице-президенти А. Макаркин.

XS
SM
MD
LG