Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:31

Украинада аскердик абал токтотулду


Президент Петро Порошенко аскердик абал алынганы тууралуу 26-декабрда Улуттук коопсуздук кеңештин жыйынында билдирди. Армия Керч кысыгындагы инциденттен кийин толук даярдыкка келтирилген.

Президент Порошенко билдиргендей, өлкөнүн 10 облусунда 26-декабрда түштөн кийин аскердик режим токтотулду. Мамлекет башчы мындай чечимди “учурдагы коопсуздук кырдаалын анализдеп чыккан соң кабыл алганын” белгиледи. Буга чейин премьер-министр Владимир Гройсман Орусия жактан ачык аскердик агрессия байкалбаса, өзгөчө абал алынарын айткан.

Коопсуздук кеңешинин ошол эле жыйынында Порошенко Орусияга каршы санкцияларды кеңейтүү долбоору даярдалганын билдирди. Жазалоочу чаралар жикчилдердин өздөрүн "Донбасс жана Луганск элдик жумурияттары" деп атаган аймактарына шайлоо өткөрүүгө, Керч кысыгындагы инцидентке тиешеси бар адамдарга каршы колдонмокчу.

Президент Орусиянын Мамлекеттик думасы Азов деңизиндеги окуяларга саясий колдоосун билдиргендиктен “Бирдиктүү Орусия” жана ЛДПР партияларынын айрым депутаттарына да санкция киргизүү каралып жатканын айтты.

- Украина эч качан Азовдогу портторун, анын ичинде аскердик кемелери тарабынан колдонууну токтотпойт. Чындык, мыйзам, асыресе эл аралык мыйзамдар биз тарапта, эл аралык колдоо биз тарапта. Болгон дипломатиялык ыкмаларды пайдаланабыз.

Орусия менен чектеш 10 облуста 28-ноябрда Керч кысыгындагы окуяга байланыштуу аскердик абал киргизилген. Украин бийлиги өз чечимин “Орусия Федерациясынын куралдуу күчтөрүнүн ири масштабдуу басып кирүү коркунучу” менен түшүндүргөн.

25-ноябрда украиналык үч аскердик кеме Крым менен Орусиянын түштүк аймагын бөлгөн кысыкта орус аскерлеринин чабуулуна туш болушкан. Кемелердеги 20дан ашык деңиз аскери камакка алынган. Киев алар Орусия жарым аралдын аннексиясынан кийин өзүнүкү деп атаган тилкеден чыгып кеткенден кийин аткыланган деп ырастоодо. Ал эми Москва кошуна өлкөнүн кемелери алдын ала эскертүү бербестен Керч кысыгынан өтүүгө аракеттенип, Орусиянын сууларына сүзүп барганын айтып келатат. Украина кысыктан өтүү үчүн кемелери уруксат алууга милдеттүү эмес деген жообун кайтарган.

Бир ай бою украин армиясы, Улуттук гвардия жана Коопсуздук кызматынын аскерлери толук даярдыкта турду.

“Аскердик абал жөнүндө” мыйзамдын алкагында Украина ошондой эле Кара деңиздеги порттор, атомдук станциялар өңдүү стратегиялык объекттерди кайтарууну күчөткөн. Андан тышкары Орусиянын 16 жаштан 60 жашка чейинки эркек жарандарынын өлкөгө кирүүсүнө чектөө киргизилген. Баса, бул чара азыр да күчүндө кала бермекчи.

Порошенко ачык жаңжал коркунучу кала берүүдө дегени менен аскердик абалды узартпоону чечти.

- Мен ачык эле айтайын – шайлоо болбосо, биз Жогорку Рададан аскердик абалды узартууну сурайт элек. Бирок бир ай ичинде, аскердик тирешүү күчөп турган маалда биз коргонуу жөндөмүбүздү кыйла бекемдеп алдык.

Ошол эле маалда Коопсуздук кеңешинин катчысы Александр Турчинов “кошуна өлкө тараптан агрессияга жол берилсе, аскердик абал мындай жумшак болбойт” деп эскертти.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG