Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:47

АКШ: жикчилдерге курал берүү уланууда


Орусиячыл жикчилдердин танккы. 2015-жыл.
Орусиячыл жикчилдердин танккы. 2015-жыл.

Ок атышууну токтотуу келишимине карабай, Орусия Украинанын чыгышындагы жикчилдерге кайрадан курал өткөрүп жатканын Кошмо Штаттар билдирүүдө.

АКШнын Мамлекеттик катчысынын Европа иштери боюнча орун басары Виктория Нуланд кечээ, 10-мартта Сенаттын тышкы иштер боюнча комитетиндеги угууда сүйлөп жатып, буларга токтолду:

- Биз соңку саналуу күндө эле Орусиянын танктары, брондуу унаалары, оор артиллериясы, ракеталык техникасы чек арадан Украинанын чыгышындагы жикчилдерге өткөрүлгөнүн ырастай алабыз.

АКШ дипломатынын бул билдирүүсүнө тушташ Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин расмий өкүлү Андрей Лысенко Донецкте кампалар курулуп, ал эми Дебальцево темир жол түйүнү аркылуу аскерий жабдууларды жана ок-дары ташуу интенсивдүү жүрүп жатканын айткан эле.

Украин армиясынын расмий өкүлдөрү болсо 15-февралда күчүнө кирген ок атышууну токтотуу келишимине карабай, өкмөттүк күчтөрдүн өлкө чыгышындагы турумдары аткыланганын билдирүүдө.

Армиянын басма сөз катчысы Владислав Селезнов кечээ Киевден маалымдагандай, акыркы бир күн ичинде Донецк облусунда армиянын сегиз шаарчадагы, Луганскта эки шаарчадагы турумдары аткыланган.

Аскердик техника жүктөлгөн машине. Крым. 2015
Аскердик техника жүктөлгөн машине. Крым. 2015

​Армиянын расмий өкүлдөрү ошондой эле кечээ кечинде алардын Мариупол шаарынын жанындагы Широкине кыштагында жайгашкан туруму да бир нече саат танктардан жана миномёттон аткыланып, буга жооп кайтарылганын маалымдашты.

Жикчилдер жарыялаган “Донецк элдик республикасынын" аскерий жетекчилеринин бири Эдуард Басуриндин ырастоосунда, акыркы бир күн ичинде ок атышууну токтотуу макулдашуусун украин аскерлери да бузган.

Бул маалыматтар ачыкталар алдында, Украинанын президенти Петро Порошенко 9-мартта теледен сүйлөп, өлкө чыгышындагы абалга, оор куралдарды майдан тилкесинен чыгаруу жараянынын жүрүшүнө оптимисттик баа берген болчу.

Минскиде кол коюлган ок атышууну токтотуу келишими күчүнө киргенден берки үч аптанын жыйынтыгын чыгарып жатып, Петр Порошенко эки тарап оор техникаларды чыгарып кетип жатканын билдирген. Президенттин айтымында, украин күчтөрү майдан тилкесинен ракеталык жана оор артиллериялык системаларынын басымдуу бөлүгүн, орусиячыл жикчилдер да “көп сандагы” согуштук куралын чыгарып кетти.

- Мындай жол менен, макулдашуу жыйынтыгында Киев “агрессордун чабуул жасоо” ниетин токтото алды, - деген Порошенко.

Оор куралдарды алып кетүү менен куралсыз буфердик зона түзүү быйыл 12-февралда кол коюлган ок атышууну токтотуу келишиминин негизги талабы эле.

Ошол эле учурда Порошенко ок атууну токтотуу келишими күчүнө киргенден бери украин армиясы 64 жоокерин жоготконун кошумчалады. Ал эми бир жылга аяк баскан жаңжал тутангандан бери 1549 аскер окко учкан.

Украина армиясынын аскердик техникасы
Украина армиясынын аскердик техникасы

Анткен менен орусиячыл жикчилдер "Украин армиясы майдан талаасынан чыгарылган оор техниканын санын айтпай жатат" деп сындап чыкты. Өзүн "Донецк элдик республикасы" деп атаган аймактын армия өкүлү Эдуард Басуриндин айтымында, Киев чыгарылган техниканы келишимде көрсөтүлгөн аралыкка алып барбай жатат:

- Дээрлик чыгарылган техниканын баары майдан тилкесинен 20-30 чакырым аралыкта турат жана бир-эки саат аралыгында мурунку позициясына кайтып келе алат. Киев атайылап чыгарылган аралыкты айтпай жатат. Ал эми Минск келишиминде аны канча аралыкка чыгаруу керектиги көрсөтүлгөн болчу.

Ал ортодо Вашинтонгдо АКШ президенти Барак Обама менен Еврокеңештин төрагасы Дональд Туск Украинадагы абалды талкуулашты. Эки тарап Орусия Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдоону улантса, кошумча санкцияларды киргизүүнү макулдашты. Жолугушуу жыйынтыгы тууралуу сүйлөп жатып президент Обама:

- Биз орус агрессиясынын алдында турган Украинанын көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн колдой турганыбызды эскертебиз. Бул өлкөгө санкциялар боюнча бирдиктүү позицияда экенибизди да билдиребиз. Муну менен катар Германия канцлери Ангела Меркел менен президент Франсуа Олландын Минск келишимин түзүү аракетин жогору баалайбыз. Бирок акыркы жылдардагы тажрыйба көрсөткөндөй, эгер анын аткарылышына күчтүү көзөмөл болбосо келишимдин мааниси жок болорун да билебиз-деди.

12-февралда Минскиде Германия, Франция, Украина жана Орусия лидерлери жетишкен келишимде 15-февралдан тарта ок атышууну токтотуу каралган. Украин армиясы азыркы согуш линиясынан, орусиячыл жикчилдер былтыр 19-сентябрда Минскиде белгиленген чектен оор аскердик техникаларын алып кетүүсү мерчемделген. Бул келишим өткөн жылдын апрель айынан бери уланып, 6000ден ашык адамдын өмүрүн алган жаңжалды токтотуу үмүтүн жандырды.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG