Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:40

Краматорск: күтүлгөн тынчтык, күчөгөн уруш


Украин өкмөтүнүн аскери Краматорск шаарына чукул жерде
Украин өкмөтүнүн аскери Краматорск шаарына чукул жерде

Украинанын чыгышында тынчтык орнотуу боюнча эл аралык сүйлөшүүлөргө карабай Донбасстагы уруш уланып жатат.

Шейшембиде Украинанын чыгышындагы Краматорск шаарында аскердик штаб жана турак үйлөр ракетадан аткыланды. Андан жети жай тургун набыт кетти. Он алты адам жараат алды. Киев бул үчүн орусиячыл жикчилдерди күнөөлөп жатат. Украинанын аскерий командачылыгынын маалыматында, жикчилдер “Град” ракеталык системасынан шаардагы аэропорттогу аскерлерди аткылаган. Бирок жай тургундар жашаган райондор дагы аткылоого туш болгон.

Украина президентинин кеңешчиси Юрий Бирюков октон эки аскер каза болуп, тогузу жараат алганын айтты.

Жикчилдер болсо бул маалыматты четке кагып, Киевдин чагымы деп чыгышты.

Краматорск шаарындагы аткылоо
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:05 0:00

Акыркы күндөрү өкмөттүк күчтөр Мариуполдун жанындагы Новоазовск шаарын көздөй илгерилеп, бир нече кыштакты көзөмөлгө алганы айтылууда. Бул тууралуу “Азов” батальонунун аскерлери социалдык тармактарга жазып чыгышты. Алар Широкино, Павлопол жана Коминтерн кыштактарын көзөмөлгө алганы айтылат.

Муну Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңеши да ырастап, учурда кеңештин катчысы Александр Турчинов окуя болгон жерде экенин маалымдады.

Бирок орусиячыл жикчилердин аскер жетекчилеринин бири Эдуард Басурин жикчилер Дебальцево шаарын курчоого алганын, башка аймактар менен байланыштырган эки кан жол алардын карамагына өткөнүн билдирди. Ошондой эле өткөн түнү өкмөттүк аскерлер 37 жолу калктуу пункттарды аткылаганын кошумчалашты.

Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча февраль айы жаңыргандан бери эле согуш жүрүп жаткан аймакта 263 адам набыт кеткен. 700дөн ашыгы жараат алды. Ал эми жаңжал башталган өткөн жылдын апрелинен бери каза тапкандардын саны беш миңден ашып, он үч миңден ашыгы жарадар болгон.

Дүйнөлүк уюмдун гуманитардык миссиясы Донбасста абал күндөн күнгө начарлап жатканын белгилеп, Украинанын чыгышында ок атууну тезинен токтотуп, тынч жарандарды жаңжалдын аймагынан чыгарып кетүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG