Беларус борбору Минскте бүгүн Еврошаркет - Украина - Евразия үчилтиги саммити өтүүдө. Кремль бул саммиттин учурунда Путин менен Порошенко түз сүйлөшүүсү мүмкүндүгүн жокко чыгарган жок. Бирок эки тараптуу ыктымал жолугушуунун алдындагы окуяларды эске салган талдоочулар андан Украинанын чыгышындагы чалкеш кырдаалды жөнгөрүү боюнча чоң жыйынтык күтүүгө болбостугун айтышууда.
Минсктеги саммитке азыркы Бажы союзу, жаңы жылдан кийинки Евразия экономикалык шериктештигинин атынан орус президенти Путин, беларус президенти Лукашенко, казак президенти Назарбаев келди.
Украинадан президент Порошенко, Еврошаркеттен тышкы саясат боюнча жогорку өкүл Кэтрин Эштон баштаган делегациялар келди. Эштондун басма сөз катчысы Майя Косьянчич Минск шаарындагы жолугушуу тууралуу Азаттыкка» мындай деди:
- Еврошаркет Минсктеги жыйынга президенттер Путин жана Порошенконун чакыруусу менен, украин кризисине ачык акцент жасоо аркылуу катышып жатат. Биз бул жолугушууну кризисти саясий жол менен чечүүгө шартты кантип жаратууну талкуулоо мүмкүнчүлүгү катары карайбыз.
Расмий Москва президенттер Путин менен Порошенко жыйында түз сүйлөшүүгө отуруусу мүмкүндүгүн жокко чыгарбады.
Порошенко президенттикке шайлангандан бери Путин менен июндун башында Франциядагы салтанаттар учурунда кыска гана бир ирет сүйлөшкөн.
Минсктеги жолугушуу “саясий жараянды баштоо аракеттери кандай абалда экени” боюнча пикир алышууга мүмкүндүк берерин Орусия да айтууда. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров кечээги басма сөз жыйынында Москва “украиндер өз ара тил табышуусу үчүн” жардам берүүгө даяр деп ырастады.
Украин тышкы иштер министри Павел Климкин алар Минскте “оор” сүйлөшүүлөргө даярданып жатканын белгиледи.
Ал эми талдоочулар соңку күндөрдүн окуяларын эске алуу менен Путин жана Порошенконун кездешүүсүнөн олуттуу жыйынтык күтүүгө болбосун айтууда.
Киевдик саясий талдоочу Виктор Небеженко "Президент Путиндин да, президент Порошенконун да айланасында “кыргыйлар менен көгүчкөндөр”, тынчтыктын да, согушту улантуунун да жактоочулары бар. Алар жолугуп, бири-бирин көргөнү маанилүү. Согуш улангандан көрө президенттер ортосунда байланыш болгону дурус. Бирок кандайдыр бир бурулуш, ийгилик болот деп күтүү мүмкүн эмес" - деген пикирде.
Талдоочу Небеженко “Азаттык” менен маегинде Минсктеги жолугушууга тескери таасирин тийгизүүчү көрүнүштөр катары Орусиянын “гуманитардык кербенинин” Украинага Киевдин уруксаты жок киришин, Орусиядан Украинага аскер күчтөрү менен техника өтүп жатышын атады.
Украин армиясы кечээ жикчилер өңдөнгөн орус аскерлери чек араны он танк жана эки брондуу унаа менен бузуп өткөндө, аларга каршылык көргөзүлгөнүн билдирген. Бүгүн болсо украин армиясы орусиялык он десантчы Донецктен 50 чакырымдай түштүк-чыгыштагы кыштактан кармалганын маалымдап, алар сурак берип жаткан видео тасманы жарыялады.
Орус коргоо министрлигиндеги булактар болсо чек ара күзөтүндө жүргөн аскерлер украин тарапка жаңылыш өтүп кетиши мүмкүндүгүн айтууда.
Бул аралыкта Украинада кечээ кечинде президент жарлыгы менен парламент таратылды, кезексиз шайлоо 26-октябрга мерчемделди. Президент Порошенко телекайрылуусунда өз чечимин таратылган парламентте мурдагы президент Януковичтин жактоочуларынын көптүгү, жаңы парламент реформага бут тоскондордон арылары менен түшүндүрдү.
Петро Порошенко ошондой эле жаңы шайлоо азыр орусиячыл жикчилдер менен уруш жүрүп жаткан Донбасстагы кырдаалды турукташтырууга салым кошоруна да ишенимин билдирди:
- Мен Донбасстагы жеңишти жана Жогорку Радада реформачыл күчтөрдүн жеңишин өз ара байланышы бар жараян катары карайм. Кезексиз шайлоо менин тынчтык планымдын бир бөлүгү. Мунун чечүүчү бөлүгү Донбасс менен саясий диалог. Бирок биз ким менен сүйлөшөбүз? Мыйзамсыз куралдуу топтор менен алар куралын таштамайынча күч менен гана сүйлөшө алабыз.
Киев Москваны козголоңчуларды колдогону үчүн узактан бери айыптап келе жатат.
Москва Киевдин дооматтарын четке кагып, антитеррордук операция Украинанын түштүк-чыгыш бөлүгүндө «гуманитардык кризис» жаратканын белгилейт.
БУУнун эсебинде, жаңжал башталгандан бери эки миңдей кишинин өмүрү кыйылды, 340 миңдей адам үй-жайын таштоого аргасыз болду.