Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:14

Маккейн: Орусия Украинага бекерден акча бербейт


Киев, Эгемендик аянты. 17-декабрь, 2013-жыл
Киев, Эгемендик аянты. 17-декабрь, 2013-жыл

АКШнын сенатору Жон Маккейн Орусия Украинанын Европа Биримдигине кошулуусуна жолтоо болууга аракеттенип жатат деп билдирди.

Сенатор бир нече күн мурун Киевде болуп, евроинтеграцияны жактаган демонстранттарга колдоосун билдирген. Украинадан кайтып келээри менен “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна берген интервьюда ал Орусия президенти Владимир Путин акчаны жөн эле чача бербесин белгиледи:

- Орустар Украинаны Евробиримдиктен оолак кармоого аракеттенишүүдө деп ойлойм. Украин оппозициясынын лидерлеринин бири Яценюк айткандай, “бекер сыр капканда гана болот”. Менимче, бул жерде ал туура айтат. Путин мырзанын акчаны жөн эле берген адаты жок, аны көрөөрбүз. Бирок менин пикиримде, бул - Путин менен Януковичтин Украинанын Европа Биримдигине карай кадам ташташына жол бербөө аракети.

Орусия-Украина президенттеринин жолугушуусу, Москва, 17-декабрь, 2013.
Орусия-Украина президенттеринин жолугушуусу, Москва, 17-декабрь, 2013.
Шейшембиде Москвада Украина жана Орусия мамлекет башчыларынын жолугушуусунан кийин Киевге 15 миллиард доллар насыя берилээри жана газ баасы арзандатылаары жарыяланган.

Украина премьер-министри Микола Азаров ал “тарыхый келишимдер" өлкөгө экономикалык жана финансылык стабилдүүлүк алып келет деп комментарийледи:

- Кечээ чыныгы тарыхый окуя болду. 3 жарым жылдан кийин Украина газды мурдагы келишимде көргөзүлгөндөн төмөн баага сатып алат. Ошол баалар экономиканын канын соруп келген. Президент андай чыккынчылыкка чекит койду. Улуттук кызыкчылыктарыбызга каршы келген келишимдер үчүн жооптуу саясий күчтөр бүгүн да бейстабилдүүлүккө чок таштап жатышат.

Ал тапта Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украин өкмөтүнө кысым жасап жаткандарды сындап, Москва менен Киевдин жаңы келишими эки тараптын тең кызыкчылыктарын эске алуу менен түзүлгөнүн белгиледи.

Маалыматтарга караганда Украинага газдын 1 миң куб метри 268,5 долларга сатылмакчы. Ал эми Орусиянын чукул фондунан алынган 15 миллиард доллар Украинанын баалуу кагаздарына конвертацияланат.

Януковичтин Москва менне макулдашууга кол коюшу оппоненттеринин нааразылыгын, анын отставкасы жөнүндөгү талаптарды күчөттү.

Баш калаада европачыл демонстранттардын бир тобу бул түндү да Эгемендик аянтында өткөрүштү.

Киевде болгон кезинде Маккейн Украин расмий адамдары, оппозиция лидерлери менен жолугушуп, Эгемендик аянтына чогулган демонстранттарга кайрылган.

Сенатор Маккейн
Сенатор Маккейн
Сенатор Януковичтин Евробиримдик менен Ассоциация келишимине кол койбогонуна нааразы болуп, ушундай катуу суукта көчөлөргө чыккан он миңдеген адамды көргөндө аябай тассирленгенин айтат:

- Алар Орусиянын эмес, Европанын бир бөлүгү болууну каалашат. Эл коррупциядан, экономиканын өнүкпөй жатышынан чарчады. Еврошаркетке мүчө болууну гана көздөбөстөн, европалык жашоо стандарттарына жакындоону каалашат. Чындап эле паракорлук, жакшы жумуштун тартыштыгы, жарык келечектин күмөндүгү элди тажатты.

Маккейн ошондой эле демонстранттарга каршы күч колдонууну айыптап, андай иш кайталанса, Вашингтон Киевге каршы санкцияны караштырышы керек деди.

Бир нече апта мурун Киевдеги борбордук аянтты демонстранттардан тазалоо операциясы зомбулук менен коштолгон. Бир нече киши ошондо ооруканага жеткирилген, бир тобу камакка алынган.

Маккейн 2008-жылы республикачыл партиянын атынан президенттикке ат салышып, бирок Барак Обамага утулуп калган. Ал таасирдүү сенаторлордун бири.

XS
SM
MD
LG