Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:00

Украинанын ок атууну токтотуу аракети


Украина, Донецктеги аэропорт.
Украина, Донецктеги аэропорт.

Украинанын президенти Петро Порошенко өлкө чыгышындагы кан төгүүнү токтотуу максатында 9-декабрдан тарта армия ок чыгарбай турганын билдирди.

Президенттин сайтында 4-декабрда жарык көргөн билдирүүдө Порошенко куралдуу күчтөр 9-декабрдан тарта ок чыгарышпайт деп айтты, ал “Тунжуроо күнү” болмокчу.

"Бул чара 5-сентябрда Минскиде жетишилген ок атышпоо келишминин бир шарты катары белгиленген", - деп тактады украин мамлекет башчысы.

Орусиянын РИА Новости маалымат агенттиги Донецк жана Луганск облустарындагы жикчилдердин айткандарына таянып, чындап эле Минск келишиминде мындай чара каралганын жазат.

5-сентябрда Украина, Орусия жана орусиячыл жикчилдер ок атышууну токтотуу жөнүндө макулдашканына карабай, тараптар аны улам бузуп келатышат. Ошондон бери аткылашууларда миңден көп киши каза болду.

Ушул аптада Донецк аэропортунун айланасында ок чыгарылбайт деп сүйлөшүлгөндөн көп узабай аткылашуулар болгон.

Өзүн Донецк Элдик жумуриятынын парламент спикери деп атаган Андрей Пургин 9-декабрда ок атышуу токтотуларын РИА Новостиге бышыктады. Бирок өзүн Луганск Элдик жумуриятынын жетекчиси деп жарыялаган Игорь Плотницкий ошол эле агенттикке конкреттүү дата тууралуу жазуу түрүндө макулдашылбаганын, ал жөнүндө оозеки гана айтылганын билдирди.

Петр Порошенко
Петр Порошенко

Президенттин билдирүүсүн комментарийлеп жатып, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун төрагасы Дидье Буркхалтер бул маселе боюнча дагы көп нерселер тактала электигин белгиледи.

Төрага Швейцариянын Базел шаарында Украинадагы кризис боюнча өтүп жаткан эл аралык конференцияга катышууда.

Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин жыйын катышуучуларына кайрылып, чыныгы жарашууга жетишүү керектигине басым жасады.

- Курулай убадалар, сөздөр эмес, конкреттүү кадамдарды күтөбүз. Ок атышууга чекит коюу үчүн бар аракеттер жумшалууга тийиш. Күнүгө террорчулар келишимди бузуп, 30-40 чакты жолу аткылашат. Кан төгүлүүдө, карапайым кишилер азап чегүүдө.

1-декабрь, 2014-жыл
1-декабрь, 2014-жыл

"Бул Украинанын же Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун кризиси эмес, кеп Орусиянын агрессиясы жөнүндө жүрүүдө", - деди министр:

- Орусиянын Украинага каршы агрессиясы бизди ушундай абалга кептеди. Уюмдун реалдуу саясий күчкө айланышы, Европанын коопсуздугун камсыздоого, Европа континентинде тынчтык орнотууга кудуреттүү экенин көрсөтүү үчүн учурдан пайдаланышы керек.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров конференция учурунда кыска жолугушуу өткөрүштү. Анын алдында Керри Батыш Кремль менен ачык тирешке барууну каалабайт, Москва Украинадагы иш-аракеттери менен өзүн обочолонтууга жеткирүүдө деп сындаган.

Киев жана Батыш Орусия Украинадагы орусиячыл жикчилдерди курал-жарак менен камсыздап, башка колдоо көрсөтүү менен кризиске май тамызып жатат деп келатышат.

Лавров Керри менен кездешүүдөн кийин АКШ жана Орусия ЕККУнун чыгыш Украинадагы миссиясын колдошот деп билдирди. Министр ошондой эле Киев орусиячыл жикчилдер менен тикелей диалогго барууга тийиш деген Москванын позициясын кайталады.

XS
SM
MD
LG