Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:20

Киевде кырдаал курчуду


Майдан 19-февралдын таңында
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:48 0:00

Майдан аянты 19-февралдын таңында

Киевде бийликке каршы чыккандар менен полициянын кагылышуусунан 25 киши өлүп, жүздөгөн адам жарадар болгонун Украинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Киевдеги кагылышуулар учурунда жергиликтүү “Вести” гезитинин журналисти Вячеслав Веремий каза болду. Ага 18-февралдагы башаламандыктар учурунда ок тийген. Украиналик медиа каражаттардын маалымдашынча, дагы 27 журналист ар түрдүү жараат алды.

Министрликтин маалымдашынча, 19-февралдын таңында медициналык жардам алуу үчүн 350 адам кайрылган. Анын ичинен 240 адам ооруканага жаткырылган.
Украинанын Ички иштер министрлиги 9 кызматкер каза болгонун маалымдады деп жазат "Азаттыктын" орус кызматы.
Киевде полиция Майданды бошотууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:40 0:00

18-февралда полиция менен демонстранттардын кагылышуусунда онго чукул карапайым адам өлүп, оппозициянын маалыматы боюнча 150дөн ашуун киши жарадар болгон. Алардын 30нун абалы оор деп айтылган.

Оппозициянын лидерлеринин бири Арсений Яценюк 18-февралда президент Януковичти аянттан милицияны артка кайтарууга үндөгөн.

​"Милицияны артка кайтарыңыз. Адам өмүрүн сактап калуу үчүн биз сүйлөшүүгө барууга даярбыз",-деди ал аянтта сүйлөп жатып.

АКШнын вице-президенти Жо Байден президент Януковичти атайын күчтөрдү аянттан чыгарып, “болушунча сабырдуулук көрсөтүүгө чакырды” жана АКШ зордук-зомбулуктун ким тарабынан болбосун, бардык түрүн айыптай тургандыгын айтты.

Президент Януковичтин өкүлү Анна Герман “Азаттыктын” Украин кызматына зордук-зомбулук токтомоюнча эч кандай сүйлөшүү болбой тургандыгын айтты. "Сүйлөшүүлөр зордук-зомбулук токтогондо, оппозиция көчөлөрдөгү куралчан адамдарын алып кетип, өлкөдө бейкуттук өкүм сүргөндө гана болот. Мына ошондо сүйлөшүүгө отурууга зарылчылык пайда болот” – деди президенттин өкүлү.

Вашингтондогу Ак үйдүн өкүлү Жей Карни 18-февралда журналисттерге президент Обаманын атынан жасаган билдирүүдө “Кризисти күч менен чечүүгө болбойт. Тынчтыкты жана туруктуулукту орнотуу үчүн президент Януковичти кырдаалды курчутпай, Майдандагы кармашты токтотууга чакырабыз. Биз ошондой эле өлкөнүн алдыга өнүгүүсү үчүн президентти оппозиция лидерлери менен сүйлөшүүгө барып, тил табышууга чакырабыз” – деп айтты.

Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Кэтрин Эштон Киевде демонстранттар менен коопсуздук күчтөрү ортосунда болгон тирешүүлөргө байланыштуу тынчсыздануу билдирди. Эштон 18-февралдагы кагылыштарды, анда зобун-зордукка жол берилишин, ошондой эле коомдук жана партиялык имараттарга каршы жасалган кыянаттыктарды айыптап, бардык тараптарды сабырдуулук менен сүйлөшүүлөрдү улантууга үндөдү.

Киевде канча адам набыт болгону иликтенүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:29 0:00

18-февралда Киевде Жогорку Раданын алдына кайрадан миңдеген адамдар топтолду. Оппозиция жаңы өкмөт түзүүгө даяр экенин билдирүүдө. Жогорку Раданын алдына топтолгон миңдеген адамдар президенттин бийлик укугун чектеген реформа үчүн добуш берүүнү депутаттардан талап кылышты. Оппозиция алардын реформа жөнүндөгү талабы күн тартибине киргизилбегенден кийин трибунаны курчап алышты. Оппозиция лидери Виталий Кличко кечээги кагылыштан соң Януковичтен полициянын атайын күчтөрүн көчөдөн алып кетүүгө чакырып, оппозиция жаңы өкмөттү түзүүгө даяр экенин билдирди. Ошондой эле Януковичти президенттиктен кетүүгө, кезексиз президенттик жана парламенттик шайлоо өткөрүүгө үндөдү.

Кечээ Киевде антиөкмөтчүл протестчилер президент Виктор Янукович башындагы башкаруучу партиянын баш кеңсесин басып алышты. Алар Региондор партиясынын баш кеңсесин ээлеп алгандан мурда терезелерди сындырып, анын ичине күйүү май куюлган шишелерди ыргытышты. Протестчилер парламентти тегерете күзөткөн полициянын катарын бузуп өткөндөн кийин аларды токтотуу үчүн кулак тундурчу жана түтүн чыгарчу гранаталар колдонулду.

Шейшемби Украинада үч айга жакын созулган өкмөткө каршы нааразылык акциясынын эң кандуу күнү болгону айтылууда.

XS
SM
MD
LG