Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:08

Крымдагы кырдаал дүйнө назарында


Украина -- Куралчан адамдар курчап алган Феодосия шаарына жакын Новозерний айылындагы аскер-деңиз базасын кайтарып турган украин аскерлери. Крым, 3-март, 2014.
Украина -- Куралчан адамдар курчап алган Феодосия шаарына жакын Новозерний айылындагы аскер-деңиз базасын кайтарып турган украин аскерлери. Крым, 3-март, 2014.

Миңдеген орус аскерлери Крымдагы көзөмөлүн күч алдырган чакта Украинанын эгемендүүлүгү боюнча эл аралык дипломатиялык иш-аракеттер кызыды.

Орусиянын Кара деңиз флотунун командачысы Александр Витко Крымдагы украин аскерлерине 4-мартта таңкы саат бештен кечикпей багынып бергиле, болбосо чабуул коюлат деген шарт койду. Бул жөнүндө Украинанын коргоо министрлиги маалымдады. Орусиянын Кара деңиз флоту болсо мындай шарт коюлбаганын билдирип, бул маалыматты "куру доомат" катары баалады. Мамлекеттик Думанын төрагасы Сергей Нарышкин Орусиянын телеканалында куралдуу күчтөр “зарыл учурда гана колдонулат, азыр андай зарылдык жок” деп айтты. Крым жарым аралындагы украин аскерлеринин абалы беймаалым.

Европалык, америкалык мартабалуу өкүлдөр Киевге каттап, БУУ менен EККУда жогорку деңгээлде жолугушуулар өтүп жатат. Крымда орусиялык танк, согуштук кемелер улам көбөйүп жаткан чакта, жарым аралдын айланасында дипломатиялык иш-аракеттер да күч алды.

АКШнын ЕККУдагы элчиси Украинага байкоочулар миссиясынын чукул тобун жиберүүнү сунуштады. АКШ мамкатчысынын Европа боюнча орун басары Виктория Нуланд Венада сүйлөшүү өткөрөт. Киевде жүргөн Британиянын башкы дипломаты Уильям Хейг Украинадагы кырдаалды "XXI кылымдагы Европадагы эң кооптуу кризис" деп атады.

Ал арада БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Женевада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту. Ал эми Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери Брюсселде чукул жыйын өткөрүп жатат.

Дүйшөмбүдө Женевада сүйлөгөн сөзүндө Сергей Лавров Орусиянын аракеттери Крымдагы орус жарандарын жана алардын укуктарын коргоону көздөөрүн белгилеп, Украинанын жаңы бийликтерин улуттук азчылыктарга чабуул жасап жатат деп күнөөлөдү. Жекшембиде өнүккөн мамлекеттердин жетилтиги Орусия менен эл аралык жыйын өткөрүү планын токтотуп жаткандыгын эскертишти.

Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Орусиянын «болуп көрбөгөндөй баскынчылык кадамдары» АКШ жана башка өлкөлөр тарабынан жоопсуз калбай тургандыгын эскертти:

- Владимир Путин мындан утпайт. Ал балким Крымга бир канча мезгилге аскер киргизет, бирок эл аралык сахнада уттурат. Орус эли да уттурат. 60 миллиард доллар короткон Сочи деген той-торопосунан күткөн кадырынан кол жууйт. Сочиге белгиленген өнүккөн мамлекеттердин жыйынынан кур калат. А тургай Өнүккөн сегиз өлкөнүн катарынан чыгып калышы мүмкүн.

Керри Киевге шейшембиде келгени жатат. Ал сапардын максаты «украин элинин өз келечегин сырттан кийлигишүүсүз жана провокациясыз аныктоо укугуна колдоо көрсөтүү» экендигин билдирген. Европа Биримдигинин тышкы саясатын тейлеген Кэтрин Эштон Киевге шаршембиде келмекчи.

"Ассошиейтед пресстин" билдиришинче, бул арада Крымда орусиялык аскерлер жүк ташуучу кемелер токтоочу Керч портундагы терминалды өз көзөмөлүнө алды.

Украинанын чек ара кызматынын өкүлдөрү Керч кысыгына жакын жерде орус аскерлери топтолуп жаткандыгын билдиришти. Керч кысыгы Украинага караган Крым жарым аралын Орусияга караган Таман жарым аралынан бөлүп турат.

XS
SM
MD
LG