Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:57

Курал соодасы боюнча келишимге кол коюлду


Бириккен улуттар уюмунун дээрлик көпчүлүк мүчөлөрү Курал соодасы боюнча эл аралык келишимге кол коюшту.

18 мамлекет 25-сентябрда ал келишимди жактырып, келишимди жактырган өлкөлөрдүн саны 107ге жетти. Алардын бири - Америка Кошмо Штаттары.

Бириккен улуттар уюмунун 193 мүчөсү апрелде кабыл алган келишимди өз өлкөлөрүндө ратификациялоо керек. Курал соодасы боюнча эл аралык келишим толук кандуу иштөөсү үчүн бери дегенде 50 мамлекет аны ратификациялашы зарыл. Учурда болгону алты өлкө келишимди ратификациялаган. Курал соодасы жылына 70 миллиард долларга барабар.

Бул келишимди иштеп чыгууга жети жыл сарпталган. Укук коргоочулар бул документти эл аралык курал соодасына “моралдык стандарттарды” киргизет деп үмүттөнүшүүдө. Келишимдин алкагында гуманитардык мыйзамдарды бузгандарга, адамдарды кырып өлтүргөндөргө жана террорчуларга курал сатылбайт.

АКШнын мамкатчысы Жон Керри
АКШнын мамкатчысы Жон Керри
Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысы Пан Ги Мун 25-сентябрдагы кол коюудан кийин анын басма сөз кызматы “дүйнөдөгү эң көп курал экспорттогон өлкө АКШнын бул келишимди жактыруусу абдан маанилүү” деген билдирүү таратты.

Бул дүйнөлүк документке Американын кошулушу жылдык көлөмү бир нече миллиард долларга жеткен курал соодасын тескөө ишиндеги олуттуу жылыш катары каралууда. Анткени АКШ дүйнөдө кадимки курал-жарактын эң ири экспорттоочусу.

Мамлекеттик катчы Жон Керри келишимге кол койгондон кийин буларды айтты:

– Бул куралды террорчулардын жана жалганчы оюнчулардын колуна тийгизбөө менен байланыштуу. Сөз кадимки куралдардын өтө оор кылмыштарды ишке ашыруу максатында колдонулуп кетишине жол бербөө жөнүндө жүрүп жатат. Сөз америкалыктарды кубаттуу, Американы коопсуздукта кармоо, эл аралык тынчтык, глобалдык коопсуздук жана өтө маанилүү гуманитардык максаттарды алдыга жылдыруу жөнүндө жүрүп жатат.

Курал боюнча Вашингтондогу ассоциациянын аткаруучу директору Дэрил Кимболлдун айтымында, аталган келишимге АКШнын расмий колдоо көрсөтүүсү дүйнөнүн курал соодасынын табиятын өзгөртүшү мүмкүн.

– Бул Келишим куралды мыйзамсыз сатууну токтото албайт. Бирок ал мыйзамсыз курал базарда курал-жарак сатып алууну татаалдаштырат. Эгер сиз куралдуу чатак болуп жаткан өлкөдө жашасаңыз, анда бул келишим сизге аз болсо да пайдалуу жана куралды мыйзамсыз сатууга бөгөт коюшу мүмкүн.

Ал ортодо Американын Улуттук курал ассоциациясы бул келишим алардын курал алып жүрүү боюнча конституциялык укугун бузат деп чыгышты. Алар Сенат бул келишимди жактырбоого колдон келгендин баарын кылабыз дешти. Бирок АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри “келишим эч кимдин укугун бузбайт” деди.

Келишимдин алкагында танка, ок өтпөс машине, ири калибрдеги курал, аскерий самолёт жана тик учак, аскерий кеме, бомба жана тапанча өңдүү куралдын түрлөрүн сатууну көзөмөлгө алат. Келишимге куралды көп өндүргөн Орусия жана Кытай кол койгон эмес. Иран, Түндүк Корея жана Сирия да келишимди жактырган эмес.

Америкалык серепчилер Жон Керринин келишимге кол койгону – АКШнын Москва жана Бээжинге келишимди жактырууга белгиси катары сыпатташууда. Американын кол койгону Орусия жана Кытайды бул келишимди жактырууга түрткү болушу мүмкүн деп эсептейт Кимболл.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG