Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:30

Үркүндүн азабы тууралуу тасма тартылат


Үркүндө каза болгон маркумдардын сөөгүн жерге берүү зыйнаты.
Үркүндө каза болгон маркумдардын сөөгүн жерге берүү зыйнаты.

“Саякбай манасчы” коомдук фонду Улуу Үркүн тууралуу тарыхый көркөм тасма тартканы жатат. Демилгечилер улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгына аралаш тартыла турган бул тасма саясий максатты көздөбөгөн тарыхый көркөм чыгарма болорун белгилешти. Үркүн темасында “Кайран эл” аттуу кинотасманы 90-жылдары режиссер Дооронбек Садырбаев тартып, бирок аны көрсөтүүгө саясий себептерге байланыштуу тыюу салынган.

“Саякбай манасчы” коомдук фонду башкы демөөрчү болуп жаткан бул тасманын сценарийин Мухтар Атаналиев жазып, жаш кинорежиссер Медин Учукеев баштаган чыгармачыл топ тартууга киришти. Анын айтуусунда, бул тасма бир үй-бүлөнүн тагдыры аркылуу Улуу Үркүн арманын, азабын азыркы көрүүчүгө жеткирүүгө аракет кылат. Мындай сценарий чыгармачыл топ эл аралап, бир топ жолугушууларды өткөргөндөн кийин келген:

- Көл өрөөнүндө, Кеминде, айтор бардык жерде жолуккан аксакалдар 1916-жылы өздөрү же ата-энелери кандай азап тартканын айтып беришти. Карап көрсөк “боору бүтүн, башы эсен” үй-бүлө калбаган экен. Ошол окуяга катышы бар ар бир үй-бүлөнүн оор трегедиясын тасма кылып тартса болчудай. Бирок өзөгү, себептери бир. Анан биз кеңешип отуруп тасмабызда Салмандын үй-бүлөсү аркылуу бир айылдын же бүтүндөй кыргыздын башына түшкөн азапты айталы дедик.

Медин Учукеев Үркүн тууралуу тартыла турган тасманын сценарийин тактоодо тарыхчылардын, окумуштуулардын, адабиятчылардын пикири да эске алганын кошумчалады.

Маркум режиссер Дооронбек Садырбаев тарткан “Кайран эл” тасмасында 1916-жылдагы окуя орус империясы тарабынан кыргыз элине жасалган тукум курут саясаты катары сыпатталганы үчүн элге көрсөтүүгө тыюу салынганы айтылып келет. Жаңы тасманы тартканга киришкен демилгелүү топ кезектеги тасмада эч кандай саясий көз караштар жок экенин белгилешүүдө. “Саякбай манасчы” коомдук фондунун жетекчиси Самат Ибраев:

-1916-жылы кыргыз эли орус падышачылыгынын колониалдык саясатына каршы улуттук-боштондук күрөшүнө чыккан. Бул боштондук күрөшүндө биз билген маалыматтар боюнча, кыргыз элинин кырк пайызы курмандыкка учурады. Биздин бүгүнкү негизги максатыбыз ошол учурда боштондук кыймылына чыгып каза болгондорду эскерүү болуп эсептелет.

Сценарийдин автору Мухтар Атаналиев болсо ар бир эл үчүн өз тарыхын биле жүрүү зарыл экенин айтып, бирок мындай олуттуу тарыхый окуялар тууралуу тартыла турган тасмалар улуттар жана мамлекеттер арасында жек көрүү пайда кылбашы керек экенин кеп кылды:

- Мисалы, СССР өзү башынан кечирген экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу айтканда, ал тууралуу миңдеген тасмаларды тартканда же Чыңгызхандын бүткүл дүйнө жүзүнө жасаган мамилеси тууралуу кеп болгондо ошол улуттун өкүлдөрүн эч ким жек көрүп калган эмес. Ошондуктан биз дагы кыргыз эли өзүнүн тарыхын айтканга акылуу деп ойлойбуз.

Атаналиев тасманын дагы бир негизги максаты, Үркүндөгү эл башына түшкөн дене бойду дүркүрөткөн капсалаң, журттан сүрүлгөндөрдүн элге, жерге болгон урматы, сагынычы кийинки муунга мамлекеттүүлүктүн, эркиндиктин баасын түшүнүүгө үндөйт деп ишенет.

Тасма февраль айында башталып, ушул жылдын сентябрь аягында элге көрсөтүлүшү күтүлүүдө. Эпизоддор Чүй, Ысык-Көл жана Баткен өрөөндөрүндө, Кытай эл республикасынын аймагында тартылат.

Фонддун төрагасы Самат Ибраевдин айтканына караганда, тасманын бюджети 17 миллион сом деп эсептелүүдө. Мындан сырткары ал коомчулукта жардам берүүгө ниети бар инсандар да бар экенин билдирди.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG