Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:48

АКШ Перс булуңундагы өнөктөштөрүн колдойт


Президент Обама Кувейттин эмири Сабах ал-Ахмед ал-Джабер ас-Сабах менен Кэмп-Дэвиддеги саммит учурунда сүйлөшүп жатат. 14-май, 2015.
Президент Обама Кувейттин эмири Сабах ал-Ахмед ал-Джабер ас-Сабах менен Кэмп-Дэвиддеги саммит учурунда сүйлөшүп жатат. 14-май, 2015.

Перс булуңундагы Араб өлкөлөрүнө коркунуч туулса, АКШ өзүнө алган милдеттенмелерин аткарат. 14-майда Кэмп-Дэвидде Перс булуңундагы Араб өлкөлөрү менен кызматташуу кеңешинин саммити өттү.

Бейшембиде президент Барак Обама Кэмп-Дэвиддеги резиденциясында Бахрейн, Катар, Кувейт, Оман, Бириккен Араб Эмираттары жана Сауд Арабиянын лидерлери менен жолукканда Перс булуңундагы коопсуздукту камсыздоодо Кошмо Штаттардын темирдей бекем позициясын белгилеп, Иран тараптан жасалган киберчабуулдардан коргонууда, жүк ташыган кемелердин жүрүшүн камсыздоодо кызматташууну кеңейтүүгө токтолду.

- Биз Сириядагы жаңжалды талкууладык. Йемендеги кырдаалды сүйлөштүк. Экстремизмдин мизин кайтарууну, “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштү да талкууладык. Мен өз оюмду так айттым, андан соң биргелешкен билдирүүдө айтылгандай, Перс булуңундагы биздин өнөктөштөргө сырттан чабуул болсо, Кошмо Штаттар коргоого даяр экенин жана аймактагы өлкөлөр менен алдыда кызматташууну кеңейтүүнү сүйлөштүк.

"Кошмо Штаттар өз милдеттенмелерин аткарат” деген президент Обама сунни мусулмандары түзгөн өлкөлөрдүн лидерлеринин АКШ кирген коргонуу келишимин түзүү сунушун колдогон жок. Ирандагы шиилерден кооптонгон өнөктөштөрүнө Обама Перс булуңундагы мамлекеттер агрессияга кабылса, “АКШ тез арада союздаштары менен бирге контрчабуулга даяр болот” деп жооп кайтарды.

Вашингтон араб өнөктөштөрүнө ракетадан коргонуунун аймактык системасын түзүүдө жардам берет, курал-жабдыкты жеткирүүнү тездедетет, атайын даярдыктагы курамды жана чек ара күчтөрүн даярдоого көмөктөшөт.

Барак Обама Перс булуңундагы кызматташуу кеңешинин саммитинин катышуучулары менен Кэмп-Дэвидде. 14-май, 2015
Барак Обама Перс булуңундагы кызматташуу кеңешинин саммитинин катышуучулары менен Кэмп-Дэвидде. 14-май, 2015

АКШ президенти Перс булуңундагы мамлекеттерди Ирандын өзөктүк программасына өчөшүп, ядролук иликтөөлөрдү баштабоого чакырды. Бул чөлкөмдө жайгашкан Сауд Арабиясы баштаган айрым өлкөлөр алардын дагы Иран сымал ядролук технологияларды өнүктүрүүгө укугу болушун бир нече ирет билдирген.

Барак Обама Бахрейн, Катар, Кувейт, Оман, Бириккен Араб Эмираттары менен Сауд Арабиянын лидерлерин ирандык ядролук программасы боюнча макулдашуу жетишилгенден кийин Перс булуңуна эч кандай коркунуч туудурбайт деп ынандырууга аракеттенди.

Америкалык медиа каражаттары Кэмп-Дэвиддеги саммиттин биргелешкен билдирүүсүндө Иран менен жаңы макулдашуу Перс булуңунда жалпы коопсуздукту камсыздоону көздөрүн белгиленгени - Обаманын ийгилиги деп бааласа болорун жазып чыгышты.

Ал ортодо Өкүлдөр палатасы Конресске Ирандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык макулдашууну кайра карап чыгууга жана андан баш тартууга укук берген мыйзам долбоорун көпчүлүк добуш менен кабыл алды.

Өткөн аптада Сенат Иран менен макулдашууну жана Тегеранга каршы киргизилген санкцияларды президенттин алып салуусуна бөгөт койгон мыйзам долбоорун колдогон.

XS
SM
MD
LG