Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Мамдепартамент: Кыргызстанда бейтарап сот системасы жок


Мамлекеттик катчы Жон Керри жаңы докладды тааныштырууда. 25.06.2015
Мамлекеттик катчы Жон Керри жаңы докладды тааныштырууда. 25.06.2015

25-июнда АКШнын Мамлекеттик департаментинин 2014-жылы дүйнөнүн ар кыл тарабындагы адам укуктарынын абалын анализдеген доклады жарык көрдү.

2014-жылдагы адам укуктарынын абалын анализдеген докладда Мамлекеттик департамент “Ислам мамлекети” радикал тобунун согушкерлерин катуу айыптайт жана ошондой эле Орусиянын, Ирандын, Азербайжандын бийликтерин адам укуктарын бузганы үчүн сындайт.

Докладда Сирия менен Ирактагы “Ислам мамлекетинин” согушкерлеринин азчылыктарды: езиддерди, христиандарды, шабактарды, шииттерди аёосуз эзгени белгиленет.

Жаңы докладда өткөн жылы Кыргызстанда сот процессинин бардык баскычтарында коргоо чараларын бузган учурлар жана тартип коргоо органдарынын талылуу топтор - азчылыктардан коркутуп акча өндүргөнү белгиленет. Беш жыл мурунку кандуу Ош окуясы боюнча сот “адилеттиги орной элек” деп айтылат. “Өлкөдө зордук-зомбулукка жол берип, коррупциялык иштер менен алектенген күч органдарындагы жооптуу адамдардын жазасыз калышы” – адам укуктарын коргоодогу көйгөйлөрдүн бири деп аныкталат.

Орусияда бийлик “чет элдик агенттер”, экстремизмге каршы мыйзамдарды күчөтүү жана башка каражаттар аркылуу бийликке сын айткандарды куугунтукка алып, оозун жабууга жана ишенимден ажыратууга багытталганы айтылат.

Докладда орус бийликтери диний жана сексуалдык азчылыктарды басмырлаган мыйзамдарды кабыл алууну улантып жатканы, ошондой эле Орусиянын өкмөтү мыйзам бузган жетекчилерди жоопко тартпай койгондуктан, коомдо “жазасыз калуу климаты” жаралганы белгиленет.

Азербайжанда бийлик укук коргоо системасы аркылуу өз көз карашы бар жана кеңири кулач жайган коррупцияны сындаган журналисттерди жазалаганы айтылат. “Баку укук коргоочуларды, жарандык активисттер менен журналисттерди коркутуп, негизсиз айыптап, эркинен ажыратканы” докладда баса белгиленет. Саясий негизде камакка алуулар менен катар “мамлекеттик жооптуу жетекчилер коркунуч катары көргөн жарандарды сотко чейин узак мөөнөт камакта кармоо” көбөйдү. Докладда Азербайжанда адам укугу одоно бузулган мисалдар катары “армиядагы ур-токмок, абактардагы кыйноо жана башка зордук-зомбулуктун түрлөрү, кээ бир жерлерде адам өмүрүнө кооптуу шарттар түзүлгөнү” келтирилген.

Өткөн жылы Казакстанда бийлик сөз эркиндигин чектеп, маалымат каражаттарына “мыйзамдар, кодулоо, лицензиясын алып коюу, интернетти чектөө жана кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартуу” аркылуу өз таасирин күчөттү. Журналисттерге жана медиа каражаттарына каршы мамлекеттик аткаминерлердин жалган жалаа жапты деген арыздарынын негизинде бир катар массалык маалымдоо каражаттары жабылса, башкалары өзүн өзү цензуралоого өттү.

Мамдепартаменттин баяндамасында казак парламенти жаңы кылмыш жана административдик жазык кодекстерин жана эмгек мыйзамын кабыл алганы, булар болсо мындан ары “сөз эркиндигин, эркин чогулуу жана дин тутуу укуктарын потенциалдуу түрдө чектей” турганы айтылат. Казакстандагы адам укуктарын бузууларга буюртма адам өлтүрүү, камактагыларды кыйноо, мыйзамсыз кармоо, жарандардын жеке турмушуна кийлигишүү жана бейөкмөт уюмдардын активисттеринин ишмердүүлүгүн чектөө кошулган.

Тажикстан жарандар таза жана адилет шайлоо аркылуу бийлик алмаштыруу укугунан ажыраган “авторитардык өлкө” деп сыпатталган. Докладда тажик бийликтери кармалгандарга карата кыйноолорду колдонууну жана саясий активисттердин оозун жаап, эркин маалымат алууну чектөөнү улантууда деп айтылат. “Аялдарды басмырлоо жана зордук зомбулукка алуу, негизсиз кармоо, сотто өз укугун коргоо укугунан ажыратуу, абактардагы өтө кооптуу жана катаал шарттар” тууралуу сөз болот. Ошондой эле адам укуктарын бузган аткаминерлер жоопко тартылбай турганы баса белгиленет.

Беларуста “саясий активисттерди кармоо жана аларга каршы административдик чараларды колдонуу” уланууда. Бул “авторитардык өлкөдө” демонстрацияларга жана башка саясий иш-чараларга катышкан, мамлекеттик аткаминерлерди сындаган жарандарды кармоо, түрмөгө салуу токтой элек. Беларустун сот системасы “саясий жетекчиликтин кийлигишүүсүнөн жана соттордун көз каранды экендигинен” жабыркайт. Өлкөдө өткөн жылы дагы “бийликтин бардык бутактарында” жайылган коррупция талылуу көйгөй бойдон калды.

XS
SM
MD
LG