Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:52

АКШдагы бурганак ондон ашуун өмүрдү алды


Вашингтондогу калың карды тазалоо, 23-январь 2016
Вашингтондогу калың карды тазалоо, 23-январь 2016

Америка Кошмо Штаттары соңку күндөрдөгү калың кар менен бороондон катуу жапа чекти. Кар тозоңунан кеминде 18 адам ажал тапты. 11 штатта өзгөчө кырдаал жарыяланды. Конгресстин өкүлдөр палатасы мындай абалдан улам 1-февралга чейин добуш берүүнү токтотту.

Катуу бурганак өзгөчө Кошмо Штаттардын чыгыш жээгин кыйын күнгө кептеди. Мындан улам Конгресттин өкүлдөр палатасы мыйзам долбоорлоруна добуш берүүлөрдү 1-февралга чейин токтотту. Кезектеги добуш берүүлөр 26 жана 27-январга белгиленген эле. Бул тууралуу палатадагы көпчүлүктүн лидери Кевин Маккарти 24-январда билдирди.

Соңку күндөрдөгү бурганак АКШ калкынын төрттөн бирине - 85 миллион элге катуу таасир этти. Анын ичинде баш калаа Вашингтон менен Нью-Йорк шаары да бар.

Нью-Йорк штатынын губернатору Эндрю Кума 23-январда өзгөчө кырдаал жарыялады. Муну менен Нью-Йорк мындай кадамга барган он биринчи штат болуп калды. Аймакта транспорт кыймылы токтоп, көпүрөлөр жабылды.

"Коопсуздук биздин биринчи, эң башкы маселебиз. Биз элдин коопсуздугу үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз жана мен бул күндөрү бардык нью-йорктуктарды үйдөн же башка жайлуу имараттан сыртка чыкпай турууга чакырам", - деди Нью-Йорктун губернатору Эндрю Кума журналисттерге сүйлөп жатып.

Узаган жуманын акыркы күндөрүндөгү катуу кар тозоңу кеминде 18 өмүрдү алып кетти. Алардын көпчүлүгү жол кырсыгынан ажал табышкан.

Авиакомпаниялар дем алыш күндөрү баш-аягы жети миңдей каттамды токтотту. Вашингтон, Филадельфия жана Нью-Йоркто бул күндөрү бир да аба каттамы жасалган жок.

Он миңдеген үйлөр электр энергиясыз калды. Расмий тараптар АКШ баш калаасында темир жол менен автобус каттамдары дем алыш күндөрү иштебесин алдын-ала жарыялаган.

Вашингтондун мэри Муриел Бовсер ишемби күнү катуу бурганактан улам жол көрүнбөй, тиешелүү кызматкерлер тазалоо иштеринде кыйынчылыкка кабылып жатканын айткан эле. Жекшембиде мэр айым Вашингтондун муниципалдык кызматкерлерине ыраазычылык билдирди:

- Бизде эң мыкты кызматкерлер иштейт. Мен ар бир тиешелүү жетекчиден иш кандай болгонун сурап жаттым. Алар баары колдон келгенин жасап жатканын айтышты. Мен бул оор жумушту аткарган бардык жумушчуларга ыраазычылык айтам. Кечинде шаарды кыдырып жүрүп, Колумбия округунда кар басылгандан кийин биздин кишилер дале иштеп жатканын көрдүм, бири-бирине жардам берип жаткан кошуналарды да көрүп ичим жылыды.

Нью-Йорк шаарында болсо кардын калыңдыгы 71 сантиметрге чейин жетти. Шаар мэри Билл де Блазио бул шаар тарыхындагы беш учурдун бири болорун айтат:

- Баары таасын көрүнүп, математика өзү эле айтып турат. Кардын калыңдыгы 71 сантиметр болду. Бул Нью-Йорктун тарыхындагы катуу делген беш кыштын бири болду. Мындай калыңдыктагы кар 1869-жылы жааган экен.

2006-жылы да Нью-Йоркко калың кар түшүп, ал азыркы ченемге бир аз, 25 миллиметрдей жетпей калган.

Кошмо Штаттардын чыгышындагы айрым аймактарда кардын калыңдыгы 1 метр 2 сантиметрге жеткени кабарланууда. Мындан улам Пенсильвания жана Кентуки аймактарында 12 саатка чейин жеткен жол тыгындары болду. Ошентип бул кыш АКШ чыгышында акыркы жүз жылдагы эң оор кыш болуп калды.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG